Баласагун
Баласагун, Баласагын - Кыргызстандын түндүгүндө орто кылымдарда жайгашкан шаар.
Караханийлер (Каракагандар) мамлекетинин түндүктөгү ордо шаары болгон.
Аны Куз-Ордо жана Куз-Улуш деп да аташкан.
Шаар Улуу жибек жолунун түндүк таманында жайгашкан.
Азыр бул шаардын чалдыбары Бурана катары маалым.
Бул шаар чалдыбары Токмок шаарынын түштүк-батышында жайгашкан.
11-кылымдын башында Баласагун шаарында атактуу ойчул жана акын Жусуп Баласагуни (Жусуп Баласагын) туулуп өскөн.
Каракытайлар мамлекетинин өкүмдары да 12-кылымда - 13-кылымдын башында Баласагын шаарын өзүнө ордо шаар кылган.
Монгол калайманынан соң, өзгөчө 14-кылымда биротоло бүлгүнгө учурап, эч ким жашабай урандыга айлана баштаган.
[оңдоо] Пайдаланылган адабияттар:
1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.