Мурат Балбаков

Википедия дан
Балбаков, Мурат‎»‎ барагынан багытталды)

Балбаков Мурат (1936-ж. т., Ысык-Көл району, Корумду айылы) — экономист, экономика илимдеринин доктору (1992), профессор (1989). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти (1992).

1958-ж. К. А. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясын бүтүргөн.
1958—61-ж. Кыргызстан ИАнын экономика институтунда улук экономист, кенже илимий кызматкер.
1961—64-ж. СССР ИАнын экономика институтунун аспиранты.
1964—65-ж. Кыргызстан ИАнын экономика институтунда кенже, улук илимий кызматкер, 1966—75-ж. сектор башчысы, 1975—83-ж. бөлүм башчы.
1984—85-ж. Жайыт жана тоют институтунун директорунун илим боюнча орун басары.
1985—91-ж. Агроөнөр жай комплекси башкармасынын республикалык жогорку мектебинин ректору.
1992-ж. Агробизнес борборунун аткаруучу директору, Айыл чарба министрлигинин айыл ишкерлери менен менеджерлерин даярдоо институтунун ректору.
1992-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестациялык төрагасынын орун басары.
Негизги илимий эмгектери айыл чарбасынын экономикасына, ал эми кийинки учурда агрардык сектордогу рыноктук мамилелердин негиздери жана аларды ишке ашыруу маселелерине арналган. Агрардык экономикалык илимдер проблемалары боюнча 80ден ашык илимий эмгеги (анын ичинде 16 фонография жана китепче) бар.
Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.