Балбалдар

Википедия дан

Балбалдар, буркан таштар – байыркы жана орто кылымдарга таандык көчмөн түрк тилдүү уруулары мүрзө үстүнө коюучу таш айкелдер (скульптура). Бийиктиги 0,5–4 метр. Алардын көпчүлүгүнө адамдын айкели, кийим–кечесинин деталдары, канжары, кылычы же колуна кармаган чөйчөгү менен кошо чегилген. Чөйчөк молчулукту, ырыскыны чагылдырган. Балбалдардан көчмөндөрдүн антропологиясын, аскердик жашоо салтын байкоого болот. Айрым учурларда балбалдар жеңилген жоонун башчысына карата да жасалган. Балбалдар Моңголиядан, Европанын түштүк-чыгыш талааларынан, Борбордук Азиядан, Түштүк Сибирден, Алтайдан кездешет. Алгачкы Балбалдар байыркы көчмөн элдерге (скиф, хунн, авар жана башка), көпчүлүгү 6–13-к. кыргыз, огуз, кыпчак жана башка түрк тилдүү элдерге таандык. Мындай балбалдар Кыргызстандын Талас, Чүй,Ысык-Көл өрөөндөрүнөн көп табылган.

Тарыхы жана мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балбалдар көчмөн түрк урууларына тиешелүү жылмаланып иштетилбей эле тигинен орнотулган таш мамычалар. Орхон жана енисей рун жазууларында «балбал» деп жоокердин согуш талаасында өлтүргөн душманына атап орнотулган кой таш айтылат. Балбал түшүнүгү жана анын жасалыш өзгөчөлүгү таш айкелдерден (к. Айкел) кескин айырмаланат. Таш айкелдер байыркы түрк маданиятын чагылдырган искусство үлгүсү эсептелинип, анда аны жасаган уста каармандын тыш келбетин, баш кийимин, кемер жана жоо куралы сыяктуу белгилерди ташка чегүүгө аракет жасаган. Балбал өлтүрүлгөн душманга атап коюлгандыктан, ага көркөм шөкөт берүүнүн кажети деле болгон эмес. Ошондуктан байыркы түрктөрдүн журт башчыларына, баатыр жоокерге багышталып, адегенде таш айкелдер орнотулуп, андан соң адамдын колу тийбеген жана көркөмдөлүп иштетилбеген жумуру тaштap коюлган. Рун жазууларында, айрыкча кытай жазма булактарында белгиленгендей: «эгер ал бир адам өлтүрсө, анда бир таш коюлат... Айрымдардын мындай таштары жүзгө, кээде миңге жетет». Рун жазма эстеликтеринин эч биринде Балбал аталышы көркөмдөлүп иштетилген айкел деп берилбейт жана аларда айтылган маалымат түрмөгүндө Балбал деп кодура, койташ аркылуу душмандын образын туюнтуу байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • « Б Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы редактор Асанов Ү. А. К 97.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4