Балдак

Википедия дан

Балдак

  • мүнүшкөрлөр кыраан кушту ууга алып чыкканда кондуруп жүрүүчү мүйүздөн же жыгачтан жасалган таяныч ача таякча. Балдактын төмөнкү учу көзөлүп, көк менен ээрдин кашына же аңчынын белиндеги жазы курга тикесинен бекитилет;
  • кылыч, канжар куралдарынын бир тарабы бириктирилген же эки жагы тең ачык кош толтолуу сабы;
  • Балдак (медицина) — буту майып адамдар колтугуна такап, басууга ылайыкталган, орто ченинде кармагычы бар, төмөн жагы бириккен, жогору жагы эки ача болуп барып, бир карышча туура жыгачка ашталган таяк;
  • оймо, чийме, саймада колдонулчу бир же эки башы ачакейленген сызыкчалар түшүрүлгөн көчөттөр. Шырдак оюуда, чий чырмоодо, аяккап, табаккап оймолорунда көчөттөрдү байланыштыруучу жерлерде көбүрөөк колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Б Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы редактор Асанов Ү. А. К 97.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4