Балдак, курал
БАЛДАК – 1. кылыч, канжар, кездик куралдарынын бир тарабы бириктирилген же эки жагы тең ачык кош толтолуу сабы;
2. аксак кишилер колтугуна такап, басууга ылайыкталган, орто ченинде кармагычы бар, төмөн жагы бириккен, жогорку жагы эки ача болуп барып бир карышча туура жыгачка ашталган таяк;
3. атчан жүргөндө бүлдүргөлүү учун ээрдин кашына такай илип, ачакей же туура жыгачтуу учуна бүркүттү кондуруп, туур ордуна колдонулчу эки укумча жыгач;
4. оймо, сайма, чиймелерде колдонулчу бир же эки башы ачакейленген кыска же узун сызыкчалар түшүрүлгөн көчөттөр. Шырдак оюуда, чийчырмоодо, аяк кап, табак кап оймолорунда көчөттөрдү байланыштыруучу жерлерде көбүрөөк колдонулат.
Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003 « Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети»