Балта

Википедия дан
Отун жарган балта

Балтажыгачты кесүү, жаруу ж. б. үчүн колдонулуучу эмгек куралы. Ал курч темирден жазы жагы миздүү, экинчи жагы уңгу саптаганга ылайык көзөнөгү менен жасалып, жыгачка сапталат. Балтанын акбалта, карабалта, айбалта деген түрлөрү бар. Балта отун кесүүгө, жарууга жана устачылык кылууга колдонулат. Кара балта чоң отундарды жаруу үчүн пайдаланылат. Балта палеолит. доорунда эле пайда болуп, адегенде таштан, колодон, кийин темирден жасалган. Балтанын сабы кармоого оңтойлуу, чабууга эптүү, уз. 40-60 см. Ак балта куралы кыргыздарга орустардан келген. Ошондуктан аны адегенде орус балта деп да аташкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4