Балыкооз

Википедия дан

БАЛЫКООЗ (БЕКМУРАТ) КУМАР УУЛУ(Балык Ооз)

Уругу сарыбагыштын ичиндеги "чоң чарык" (Олжотай), белгилүү манасчы, санжырачы Балыкооз болжол менен 1805-жылдардан кийин Талас өрөөнүндө туулган. Бул жөнүндө КР УИАсы-нын кол жазмалар фондунда сакталып турган кээ бир эскерүүлөр аркылуу тактоого болот. Алардын биринде манасчынын өзү саруудагы Ажыбек бий жана анын баласы Нуракты айтып, "Нурак катар эле, мени менен" (тең эле дегени), солтодогу Канай-дын уулдары Бошкой менен Бүтөштү айтып, "жашта болсом, экөө мени сыйлачу", "иним дечү" деп эскерет. Чалдывар айылынын тургуну Сырдыбаев Кутуш (Куттуксейит) Сарыбай уулунун маалыматы боюнча Бошкой 1805-ж. туулуп, 1887-ж дүй-нөдөн кайткан. Нурактын кайсыл жылы туулганы тууралуу азырынча так маалымат жок, бирок анын Бошкой, Бүтөштөрдөн жаш экенин тактоого болот (бирок, кээ бир маалыматтар салыштырылып каралбагандыктан бардык маалыматтарда анын туулган жылы 1887-жылдар деп берилип жүрөт).

Манаптын санжырасынан баштасак - Манаптан Сүтөй менен Жарбаң. Сүтөйдөн Сарысейит, Эшим, Тугур. Тугурдан Олжотай. Аягы өтө чоң болгондуктан ушул киши "чоң чарык" атанат. Олжотайдан Тайлак, Чиркей (дагы бир белгилүү манасчы Шапак Ырысмендеев ушул Чиркейдин тукумунан чыккан). Тайлактан Курманбек. Андан Кумар. Жаш кезинен атасынан ажырап, 20 жашка келгенде болгону жаман алачыгы менен бир төөсү болуптур. Бишкек ш. тургуну Эсенбаев Келдибектин маалыматы боюнча ал Манасты мындан да жаш кезинен айта баштаган.

...Анжиянга аттанып,
Көкбелдин белин ашкамын,
Атымды байлап арчага,
Эс алып уктап жаткамын.
Уктап жаткан кезимде,
Катуу дүбүрт угулган.
Кадимкидей чуулган;
Манас, Манас, Манас деп,
Кулагыма угулган.
Ошондо мен ойгонуп,
Көзүмдү ачып карасам,
Таң агарып атыптыр -
Түндөгү көргөн түшүмдүн,
Белгилери бар экен.
Акылым нечен бөлүнүп,
Абайлап туруп карасам,
Чоң-чоң аттын такасы,
Калган экен көрүнүп.
Ошондо үйгө кайткамын,
Ырымымды айткамын.
Калайык калкты чогултуп,
Батасын элден алгамын.
Ошондон кийин мен өзүм,
Манас айтып калгамын!

Бирок ал учурда жалаң эле "Манас" айтып оокат кылуу мүмкүн эмес болчу, ошондуктан көпчүлүктүн кеңешин угуп адегенде саруудагы Ажыбек датканын колуна келет. Ал жөнүндө өмүрүнүн аягына чейин өтө жылуу пикирде болгон. Ажыбектин колунда жүрүп турмушу оңолуп, келинчектүү да болот. Ошол тушта Байтик баатырдын аты угула баштап, аны менен жакындашып кетет. Ошону менен Ажыбектен уруксаат алып, Чүйгө көчөт. Бул убакта ал дасыккан манасчы-ырчыга айланган кези экен. Ошентип анын Чүйгө келиши менен келечектеги кыргыз тарых-адабияты өз алдынча утушка ээ болду десек болот. Анткени, ал бул жакка келгенден кийин кат-сабаттуу адамдарга жолугуп, анын санжырасынын кээ бир жерлери сакталып калышына себеп болду. Өзүнүн кат-сабаты жок, бирок куйма кулак, укканын унутпаган киши экени белгилүү. Сөздөрү дагы далилдүү, кулакка угумдуу, тилге жатык болсо керек. Бир жылдары Чүйдөн көчүп, туугандарынын чакыруусу менен Кочкорго келип, бир нече жыл ушул жакта туруп калат. Бул убакта Төрөгелди баатырдын ырчысы Айтыкенин даңкы чыгып турган убак эле. Эл экөөнү айтыштырып, сынап көрмөк болушат. Айтыке ошондо Балыкооздун күлү бир жерге додо болбой, көчүп жүргөнүнө басым кылып келип:

Сен шарият жолун сүйлөйсүң,
Же, чаар китеп окуп билбейсиң?
Кудайдын сөзүн сүйлөйсүң,
Же, куран окуп билбейсиң? - деп, дагы көп нерселерди айтат.

Анда Балыкооз:
Мен Анжиянга барчумун,
Ар кандай буюм алчумун.
Анжиянда молдо бар.
Мечиттерге кирчүмүн,
Шарият айткан сөздөрдү,
Мен да тындап билчүмүн -деп,

Айтыкенин ар бир сөзүнө жооп берип, бул дүйнөдө көчпөгөн киши болбогонун да айтып:
Көчкөндүн несин кеп кылдың?...
Сары-Арканы кыдырып,
Чоң Илени сыдырып
Алтай деген жеринен
Мангыт-муңгут элинен,
Ногой көчкөн болучу!
Жайлоодогу козум деп,
Жаныш, Бообек досум деп,
Өзүңдүн агаң кечөөкү,
Чоңой көчкөн болучу

-деп, акыры Айтыкени жеңип алат. Көрүнүп тургандай айтыштан тышкары кыргыздын оозеки тарыхын да баштан-аяк жатка билген. Азизкожо эшендин окуясын айтып жатып: "...Манасты айтканда түп атасы Ороз бий, анан Оторкан деп, бирден-бирден чууртуп отуруп, Манаска алып келчү элем. Хан Ажыбек, "балам Бекмурат, эмкиден кийин, түп атасы Ногой хан деп баштай бер Манасты" деди. "Куру мурунку, бөлөк динде жүргөн ата-ларды айтып, күнөкөр болбо, өз жаныңды кыйнап, мусулман динин талашкан хандарды айта бер, сооп болот турбайбы" деди хан Ажыбек. Ошондон кийин Манасты түп атабыз Ногой бий деп айта берчү болдум. Төштүк хан, катагандын хан Кошой, Көкөтөй хан, Бокмурун хан, Койош хан, Жүгөрү хан, Үрбү хан, Жамгырчы хан, Айдар хан, Көкчө хан, Буудайык хан, Музбурчак хан, хан Шырдак, кыпчактардын эр Табылды жалгызым, кытайлардын кыл муруттуу Кожомжаш, сен Сарынжы - мен Бөкөй - ушуларды айтып жүрө бердим. Мурунку хандар, элдер - балам Алымбек - ири-ири болуп, килең-килең болуп ай-тылат, шаарлуу-жергелүү болуп айтылат. Мен аз эле билем. Өткөн замандарда эң кызык, узун болуп айтылчу экен. ...кыргыздын Найман хандыгы бузулуп, кайта келгени бар. Ногойдун ханы Ормамбет хан конуш чалып, кайта Эдилге көчкөнүн айтат. ...кыргызды өз жерине кондуруп, багыш болгонун, оң-сол болгонун айтат.

Башы Кызылкыя санташтан,
Аягы бетегелүү Койташтан - аккалпактуу кыргыздан.
Каркыра менен Кегенден,
Үчалматы - Сарытокум, Байгара менен Жамбылдан.
Ысык [көл], Чүй, таластык,
Аксы менен чаткалдык, анжияндык, алайлык.
Адигине, Тагайлык - 30 уул, ичкилик,
Карабагыш, чоң багыш,
Бугу, солто, сарыбагыш,
Жедигер, саяк, акбагыш,
Моңолдор, черик, кыпчагы - оң атанат турбайбы.

Саруу, кытай, мундузу, Кушчу, төбөй, басызы
Сатыкей, каңлы, тейити - ичкилиги кошулуп, сол атанат турбайбы, - деп кошкон.

Ошондуктан аны атайы чакыртып алышып, күндөп-түндөп угушкан. Удаа айтканда үч күндөн, үч айга чейин созуп айтчу экен. Кийинкилер; "ноопастай болгон чоң адам, сөзү ширин экенин" эскеришет. Тилекке каршы ал айткан "Манас" ж. б. чоң жана кенже эпостордун варианттары бизге чейин жеткен жок, бирок кезинде андан бир топ манасчылар таалим алганы белгилүү (мис, Шапак Ырысмендеев, өз уулу Найманбай). Ыр-жомогунун көбүн кыргыз тарыхы менен тыкыз байланыштырып айтканын көрүүгө болот. Тилекке каршы, ал заманда Балыкооз сыяктуу эле көпчүлүк кыргыздардын сабатсыз, караңгы болгонуна жана андан башка Найманбай, Жаныш ырчы, Эсенаман сыяктуу ырчылардан калган оозеки тарыхыбыздын түпкү маанисине көңүл бөлүнбөгөнүнө байланыштуу алардын ыр-жомоктору бизге чейин жетпегени жетпей, жеткендери кандай абалда жеткени белгисиз бойдон калмакчы.

Булагы: Акылбеков Алымбек, Алымбеков Тургунбек. Балыкооздун санжырасы. - Бишкек, 2009. Archived 2011-02-04 at the Wayback Machine