Балыкты тоосу

Википедия дан
Балыкты, тоо‎»‎ барагынан багытталды)

Балыкты тоосу - Ички Теңир-Тоодо, Соңкөл тоосунун батышында. Жумгал жана Соңкөл өрөөндөрүнүн аралыгынан орун алган. Жумгал р-нун аймагында. Узундугу 24–25 км, туурасы 8–10 км. Орточо бийиктиги 2800–3000 м, эң бийик жери 3400 м. Жону тайпак түзөң. Чыгыш капталы кыска, Соңкөл өрөөнүнө акырындап жантаят, батышы узун, Жумгал өрөөнүн карай бир аз тигирээк түшүп, кокту-колот, майда капчыгайлар көп. Тоо ордовик жана карбондун кумдук, сланец, порфирит, туф, акиташ тектеринен түзүлгөн. Негизинен субальп, альп шалбаалуу талаа жана шалбаа ландшафтары басымдуу. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]