Бангалор

Википедия дан
Бангалор шаары‎»‎ барагынан багытталды)
Бангалор.

Бангалор шаары, Бангалур, Бенгалуру - Индиянын түштүгүндөгү шаар. Карнатака штатынын администрациялык борбору. Калкы 4,9 млн (2005; шаар айланасы менен 6,1 млн). Калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар. Декан бөксө тоосунда, 900 м бийиктикте жайгашкаи. Жолдор тоому. Аэропорту бар. 1537-ж. негизделген. Шаарда Гави Гандхарешвара жана Басаваи аска бетине салынган храмдар (16-к.), Ыйык Мария (1875-82), Ыйык Андрей (1867), Ыйык Франциско Ксаверия (1911) чиркөөлөрү сакталган. Бангалор түштүк. Индиядагы кришнаиттер кыймылынын (Кришна храмы, 1997) чордону. Өлкөнүн ири өнөржай, илим жана маданий, 1969-жылдан космосту изилдөөнүн индустриялык борбору. Илим-изилдөө институттары, университет (1964), айыл чарба ун-ти (1964), Индия илимий институту (так жана техника илимдери; 1909), борбордук китепкана (1914), мамлекеттик музей (1866) бар. Эларалык авиакосмос техникасы көргөзмөсү (2 жылда 1 жолу) өткөрүлүп турат. Станок жана авиа куруу заводдору, электр-техника, фармацевтика, тамак-аш, текстиль (жибек, кебез-кездеме өнөржайынын борбору), жыгаччылык өнөржайлары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4