Барсбек, Ынанчу Алп Билге

Википедия дан

Барсбек, Ынанчу Алп Билге – 7-кылымдын аягы–8-кылымдын башында Енисейдеги Кыргыз кагандыгынын башкаруучусу. Анын тушунда кыргыздардын элчилери Кытайга, Тибетке, Түргөш кагандыгына жиберилип турган. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын кагандары да Барсбекди өзүнө ийитүү максатында оболу анын кагандыгын таанышкан жана Элтерис кагандын кызын ага канышалыкка беришкен (Күл тегинге арналган эстеликтин маалыматы).

Барсбек каган табгачтар (кытайлыктар), «он ок (элинин) каганы» (түргөштөр), чик, аз сыяктуу түрк уруулары менен Орхондогу түрктөргө каршы согуштук ынтымак түзүүгө жетишкен. Бирок, Тоң-Йокук жана Күл тегин жетектеген кошуун озунуп, бул ынтымактын өкүлдөрүн бириндетип талкалоону көздөшүп, 710-жылдан 711-жылга караган кышта алар Көгмен (Саян) тоосун ашып, капысынан кыргыздарга кол салган.

Суңга деген чертокойлуу жерде Барсбек баатырларча согушуп, курман болгон. Орхон түрктөрү аны каармандарча күрөшкөн жоосу катары аздектешкен. Енисей кыргыздары өздөрүнүн руна сымал бир катар жазма эстеликтеринде Барсбекке жоктоо, кошок сөздөрүн багышташкан. Бул эстеликтердин (кошоктордун) жазылышынын өзү да «кыргыз бодун» деп Орхон жазмаларында аталган кыргыз элинин ички биримдигин айгинелейт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]