Баскунчак

Википедия дан

Баскунчак — Каспий бою ойдуңунун түндүгүндөгү тузу чөкмө, туюк көл. Астрахань облусунда, Волга дарыясынан 50 км чыгышта, Чоң Богда тоосуна жакын жайгашкан. Аянты 106 км2. Деңиз деңгээлинен 21 м төмөн жатат. Узундугу 20 км туурасы (максималдуу) 10 км. Чоң жана Кичи Богдо тоолорунун этегиндеги туздуу булактардан жана жаан-чачындан куралат. Кайнатма туз казып алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4