Басмачылык

Wikipedia дан

Басмачылык (түркий басмак – кысымга алуу, кордук көрсөтүү) – Орто Азияда Совет бийлигине каршы чыккан реакциячыл кыймыл. Бул кыймыл улуттук-боштондукту көздөгөн максатта жүргүзүлгөн деген да пикирлер бар. Орто Азияда басмачылык 1917-жылы ноябрдын аягынан башталат. Большевиктердин «ар бир улуттун өз тагдырын өзү чечүү укугу» деген ураанынын негизинде Түркстандын улуттук жана клерикалдык партиялары («Шура-и Ислам», «Алаш», «Шура-и-Улеми») аймакка автономия статусун берүү менен акырындап, Советтик Россиядан чыгарууну көздөшкөн.

Ушундай максат менен жалпы мусулмандардын 4 курултайы (26–29-ноябрь 1917-жыл) М. Тынышпаев, кийин М. Чокоев башында турган Кокон автономиялуу өкмөтүн ( өкмөткө М. Тынышпаев, жана М. Чокоев мүчө болгон ) түзгөн. Түркстанда кош бийлик орнойт: биринчиси, большевиктер башында турган Ташкендеги Совет өкмөтү, экинчиси, ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн жана «Шура-и Ислам», «Алаш» жана башка партияларынын мүчөлөрүнөн турган Кокон автономиясы. Крайлык Советтин 4-съезди Кокон автономиясын мыйзамсыз деп эсептеп, анын өкмөт мүчөлөрү 1918-жылы февралда камакка алынат.

Кутулгандары совет бийлигине каршы күрөшкө чыгышат. Ошентип, Кыргызстандын түштүгүндө граждандык согуш башталат. Басмачылыктын негизги кыймылдаткыч күчтөрүн бийликке умтулган жергиликтүү байлар, буржуазиянын өкүлдөрү, мусулман дининин төбөлдөрү түзгөн. Большевиктик партиянын жана совет өкмөтүнүн динге каршы жаңылыш саясаты, дин жана оокаттуу адамдарды куугунтукташы эл массасынын бир бөлүгүнүн кыжырдануусун туудурган.

Карапайым калктын улуттук эркиндик, өзүнүн диний ишенимин коргоо үчүн жүргүзгөн күрөшүн басмачылар билгичтик менен пайдаланган. Басмачылардын куралдуу күчтөрүнө алданган же жазалоодон корккон дыйкандар да Басмачылардын катарына киришкен. Совет бийлиги тарабынан киргизилген «Аскердик коммунизм» саясаты боюнча дыйкандардын ашыкча малын, эгинин тартып алуу эрежеси да айрым дыйкандардын басмачылар тарабына өтүшүнө түрткү болгон.

Басмачылыктын демөөрчүлөрү бул кыймылга саясий багыт бериш үчүн панисламизм жана пантүркизм идеяларын пайдаланышкан. Түштүк Кыргызстанга кеңири жайылган басмачылык кийин Калкожо, Мадаминбек, Мойдунбек, Эргеш, Рахманкул, Көршермат, Аман палван жана башка корбашылар жетектеген. Аларга каршы атайын Фергана фронту түзүлгөн. Кызыл Армиянын бөлүктөрү менен бирге жергиликтүү советтик уюмдар түзгөн ыктыярдуу аскердик кошуундар басмачыларга каршы күрөшкөн. 1923–24-жылдар Кыргызстандагы басмачылардын ири бөлүктөрү негизинен жоюлган.


Колдонулган адабият[оңдоо]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[оңдоо]