Бата

Википедия дан

Бата (арабча фатиха — тилек, башталыш)—1) курандын биринчи сүрөөсүнүн (главасынын, бөлүмүнүн) аты; 2) дүйнөдөн кайткан адамга куран окуу, үйүнө барып көңүл айтуу. «Манаста» Бата түрдүү окуяларга, көрүнүштөргө, өлүмгө, сөөк коюуга, эскерүүгө байланыштуу кеңири айтылат. Мисалы, өлүктү коюуга, эскерүүгө, башкача айтканда Көкөтөйдүн ашы, Кичи казатта окко учкан элдик баатырлардын жана Манастын өлүмүнө байланыштуу эскерүүлөрдө Б. берилет; 3) ошондой эле тилек, каалоо, алкоо иретиндеги жана болочокто боло турган окуяны, ишти алдын ала билдирүү иретинде да айтылат. Эпосто эскерилген Б-лардын эң негизгиси баатыр баланын кереметтүү бойго бүтүү мотивинин эволюциялык өнүгүүсүндөгү элементтердин бири Б-нын магиялык күчүнө ишенүү түшүнүгү менен байланышкан. «Манас» эпосунун көпчүлүк варианттарындагы туруктуу мотив — Кошойдун Батасы менен Семетейдин бойго бүтүүсү. Каныкей узакка балалуу болбой жүрөт. Балалуу болуш үчүн атайын аракеттер жасайт: «Бабам Кошой кийсе деп, Бала үчүн жүрөм ынтызар. Батасы мага тийсе — деп», (Сагымбай Орозбаков, 3. 209), «Батасы журтту байыткан» Кошойдун Б-сын алуу үчүн ага атайы арнап 12 жыл шым жасайт, анын Батасынын алгандан кийин боюна бүтүп, Семетей төрөлөт. Эпосто Кошой карыянын тилеги, максаты тике баяндалат: Катылышкан душманын Өгөөлөсүн темирдей. Акыры туулса эркек уул Аты болсун Семетей (Сагымбай Орозбаков, 3. 214),— деп үчилтиктин экинчи бөлүгүнүн баш каарманын Б-дан бойго бүтүргөн уруулук тотем же уруунун башчысы касиеттүү карыя гана болбостон, ага ат койгон да калк карысы Кошой болот. «Манас» эпосундагы Кошойдун Б-сы Манаска, анын жеңиштерине, уулу Семетейге арналган. Бул Кошойдун Манас баатырга бекем берилгендигин айгинелейт. Чынында эле Кошой өмүрүнүн аягына чейин, башка кандардай болуп Манастын бийлигинен баш тартпаганы, ак ниет кызмат кылганы эпосто баса белгиленет. Түрк-моңгол эпосторунда Кошойдун тибиндеги каармандар көп кезигет. Мисалы, көпчүлүк түрк элдеринин оозеки чыгармаларында белгилүү кейипкер Коркут атанын образы көп жагынан Кошойдун образына типтеш. Ал образ түпкүлүгүндө тотемдик атага барып такалары атайы изилдөөлөрдө белгиленген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4