Баткен
Шаар
|
Ба́ткен (кыргызча Баткен) — Кыргызстандагы шаар, Баткен областынын жана Баткен районунун административдик борбору.
Калкы — 12 134 киши (2009 жылдын каттоосу).
Мазмуну |
Мазмуну [оңдоо]
Географиясы [оңдоо]
Кыргызстандын түштүк-батышында, Оштон болжол менен 240 км алыстыкта жайгашкан.
Шаардын жалпы аянты 5180 га. Шаардын жеке аймагы (үлүш участкаларын кошпогондо) 1143 га. Айыл-чарбасы үчүн 4037 га, анын ичинде 1 106 га — дыйкан-чарба үлүштөрү, алардын 918 га—сугат; 393 га—ФПС жерлери, анын ичинде316 га — сугат; 27 га— айдоо ; 111 га—шаардыктардын үлүш участкалары жана 2400 га жайлоо.
Шаардын администрациясына караштуу жерлер 205 км² түзөт. Анын ичинен 51,8 км² шаар аймагы, калган 153 км² үч шаар четиндеги айыл аймактары(алардын ичинен эң чоңу 3207 киши калкы бар Кызыл-Жол айылы), баары биригип 5 760 киши [1]. Шаар администрациясына караштуу жерлерде 17 894 адам жашайт.
Тарыхы [оңдоо]
Баткен айылы 1934 жылдын апрелинде, бир аталыштагы Баткен районунун аймактык борбору болуп, 1999 жылы боевиктердин бир нече ирет жасаган кол салууларынан кийин башкарууну күчөтүү үчүн, Ош областынын 3-районунан Баткен областы Баткен—административдик борбору менен түзүлгөн. Ушул окуялардан соң 2000 жылы Баткен айылына шаардык статус берилген, 2000 жылы айылдын калкы 10 987 кишини түздү. 2001 жылы шаардын четиндеги 3 айыл шаарга кошулган.
Административдик-бөлүнүү түзүлүшү [оңдоо]
Административдик — бөлүнүү түзүлүшү боюнча шаар 6 кварталга бөлүнгөн — Аэропорт, Базар-Башы, Булак-Башы, Келечек, Кызыл-Дөң жана Кызыл-Жол.
Cite error: <ref> tags exist, but no <references/> tag was found