Бациллалар

Википедия дан
Көп түрдүү формалары бар.

Бациллалар (лат. Bacillus) — өөрчүү учурунда спора пайда кылуучу таякча түрүндөгү бактериялар. Алар башка микроорганизмдерге караганда айлана чөйрөнүн түрдүү шарттарына (кургакчылык, жогорку температура, химиялык заттар жана башкаларга) туруктуу, чыдамдуу болуп, көп жашайт. Ыңгайлуу шартка жолукканда анын вегетативдик түрү өнүгүп, өсүп чыгат да тиешелүү ооруну козгошу мүмкүн (мисалы, күйдүргү бацилласынын спорасы жерде 100 жылга чейин сакталат, ал чөп, же суу аркылуу адамга, малга жукса ооруну пайда кылат). Жаратылышта кеңири таралган, көпчүлүгү сапрофиттер. Бациллалар (217 жакын түрү бар[1]) органикалык заттарды минералдаштыруу процессине катышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  1. Bacillus. Текшерилген күнү 17 -июль (теке) 2012. Түп булактан архивделген күнү 14 -декабрь (бештин айы) 2008.