Башка (философия)

Википедия дан

Башка – «менден» башка, б. а. «чоочун» нерселер, бирок, алар мага байланыштуу жана мен үчүн керектүү.

Башка түшүнүгү 20-кылымдагы персоналисттик философияга мүнөздүү. Мисалы: Г. Марселдин ою боюнча, жеке адам (индивид) башка адамдан өзүн көргөндө жана ошонун негизинде ошол адамды түшүнүүгө аракеттенгенде гана, ал оолактоо сезимин жеңип өтүп, жалгыздыктын чектелүү аянтынан чыга алат.

М. Бубер болсо, жеке адам – Мен Башка адамдарга өзүн салыштырбай туруп, өзү жөнүндө эч нерсе айта албайт; турмуш жеке адамдардын өз ара мамилелеринин комплекси. Адамдын өмүрүндөгү башкы нерсе – башка бирөөлөргө кайрылуу, чакырык салуу жана башкалардын чакырыктарына жооп берүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]