Башкырлар

Википедия дан

Башкырлар (башк. башҡорттар, орус. башкиры) - Россия Федерациясынын курамына кирген Башкыртстан (Башкирия) республикасынын түпкү калкы. Өздөрүн «баш корттор» («баш карышкыр») деп аташат. Түрк тилдеринин генеалогиялык жиктелүүсүндө батыш хунну тобунун кыпчак-булгар бутагында сүйлөшөт. Чыгыш жазуу булактарында башкорд, башгирд, баскарт, башкерд, башжард ж.б. аттар менен белгилүү болушкан. Башкырлардын тили теги жагынан татар тили менен жакын турат. Башкырлардын жалпы саны 2 млн. жакын. Баш- кырлар антропологиялык, диалектикалык айрым өзгөчөлүктөргө ээ. Диний ишеними - мусулман-суниттер. Жазуу маданияты кириллицага негизденген. Башкырлар этногенетикалык жана этномаданий байланыштар жагынан кыргыздарга жакын, тектеш эл. Уруу-урук, эл, жер-суу аталыштарында, эн тамгалардагы параллелдер, оозеки чыгармалардын маалыматтары кыргыз-башкыр этностук-маданий алакалары эрте орто кылымдарда эле жүргөндүгүн чагылдырат. «Кыргыз» этноними башкыр урууларынын курамынан жыш кездешет. Мындан сырткары, «кыргыз» урууларынын өкүлдөрү компакттуу түрдө турушары маалым. Башкыр этносунун калыптанышына жергиликтүү финн-угор, 7-10-кк. түрк тилдүү уруулар негизги орунга ээ. Башкыр уруулары азыркы жашап жаткан жерлерине 9-10-кк. көчүп келип отурукташа башташкан. Бул аймакты мекендеген финн-угор тилдүү мадьяр (венгр) уруулары Паннонияга журт которууга аргасыз болушкан. 10-13-кк. огуз-печенегтер, волгалык булгарлар, кыпчак уруулары жуурулушат. Башкыр тилинин калыптануусунда кыпчак тили чечүүчү орунду ээлеген. Кувакан, буржан, юрматы ж.б. негизги диалектилерде сүйлөшөт. Башкырлар негизинен көчмөн, жарым көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенишкен. Кол өнөрчүлүк жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн маалыматтар тастыктайт. Калктын негизги бөлүгү 18-к. отурукташууга өтө баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]