Баш оона
Wikipedia дан
Баш оона (орус.Август)— Григориан жылнаамасы боюнча 31 күндөн турган сегизинчи ай болуп саналат. Байыркы римдиктер боюнча - алтынчы катарда турат, анткени Цезардын реформасынан улам жыл башы жалган куран айынан башталчу. Башында бул ай «секстилий» (лат.Sextilis — алтынчы) деп аталчу. Учурдагы ысымы рим императору Октавиан Августун атынын коюлган (бул айда Клеопатра каза болгон). «Аугуст» (лат.augustus) латынча "кудайга тете", "улуу урматтуу" дегенди түшүндүрөт.