Баш (медицина)

Wikipedia дан
Баштын түзүлүш схемасы (туурасынан кесилген): 1-мээнин чоң жарым шары; 2— көргөзгүч урчук; 3— эпифиз; 4— кара куш мээ; 5— жүлүн; 6—кулкун; 7—омурткалар; 8—калкан сымал без; 9— кызыл өңгөч; 10— тил алдындагы без; тил; 12—ооз көңдөйү; 13—катуу таңдай; 14—мурун көңдөйү; 15—көз; 16—гипофизикалык

Баш — кишинин денесинин жогорку бөлүгү. Баш биринчи моюн омурткасы (атлант) менен бириккен. Кишинин башы анатомиялык өзгөчө түзүлүштө болот. Баш сөөгү мээ жана бет бөлүгүнөн турат (к. Баш сөөгү). Мээ бөлүгүнүн чекеден (маңдайдан) башка жери чач менен капталган. Баштын тери алдындагы май клетчаткадан турган жука катмарында кан жана лимфа тамырлары, нервдер абдан көп.

Клетчатканын алдында маңдай жана кежиге булчуңунан турган баш сөөк булчуңу жайгашып, алар чоку тарамышы аркылуу биригет. Тери, клетчатка жана тарамыш биригип, тыгыз катмарды пайда кылат. Баштын бет бөлүгүнүн булчуңдары чайнаткыч жана мимикалык болуп эки топко бөлүнөт. Баштын бет бөлүгүн үч ача жана бет нервдери нервдештирип, күрөө тамыр аркылуу кан менен камсыз болот. Баштын башка терисине караганда бет териси жука, ийкемдүү келет.

Башта борбордук нерв системасынын жогорку бөлүгү, угуу, көрүү, жыт билүү, даам сезүү органдары, ошондой эле дем алуу жана тамак сиңирүү органдарынын башталышы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8