Баңгилик

Wikipedia дан

Баңгилик (грек. νάρκη /narkē/ — селейүү, уйку, жана μᾰνία /mania/ — жиндилик, өтө кумардануу, кызыгуу.) — наркотиктерди жана наркотиктик таасири бар заттарды чегип же ичип көнүүдөн пайда болуучу өнөкөт дарт.

Наркотиктен көз каранды болуу[оңдоо]

Баңгилик адамды наркотикти дайыма талап кылуу абалына жеткирип, анын акыл-эси жана күч-кубаты наркотикти кабыл алган же албагандыгына жараша болот. Ал ден соолукту бузуп, социалдык деградацияга дуушарлантат. Башты айлантып, мас кылып, магдыратуучу касиети бар апийим, кокаин, нашаа, марихуна, алкоголь, морфий, бром сыяктуу заттар наркотикке кирет.

Баңгилик наркотиктин сыйкырдуу күчү бар деген аңыздан улам тарашы ыктымал, чындыгында анда эч касиет жок; уулануунун гана бир түрү. Көбүнчө социалдык жүрүм-туруму бошоң, бекерпоз өспүрүмдөр баңги болушат. Баңгиликке эки жол менен кабылуу мүмкүн. Биринчиден — догдур дайындаган наркотик заттарды түшүнбөстүктөн баш аламан колдонуунун кесепетинен келип чыгат.

Мүнөздүү белгилери[оңдоо]

Баңгилик наркотиктерди кайра-кайра алып наркотикке мас болуу, магдыроо сезиминин козголушунан башталат. Ага көбүнчө психикалык жактан жетилбеген, тынчы жок, туруксуз, өзүмчүл, оома адамдар дуушар болот. Наркотикке психикалык муктаждык калыптанып, ансыз алар эч нерсеге канааттанбай, «бирдеме жетишпегенсип» турат. Ооруксунуудан, жагымсыз сезимдерден кутулуу, уйкуну келтирүү үчүн алар наркотикти көп өлчөмдө кабыл алышат. Бул мезгил наркотиктин түрүнө жана күчүнө жараша бир нече жумадан 1 — 2 жылга созулат. Акырындап ансыз жашай албай калышат. Керектелүүчү наркотиктин өлчөмү арбый берет. Бул этапта наркотикти кабыл алуу жагымдуу, жан көшүлтчү, алсыратчу таасир берет.

Баңгиликке өтүүнүн 2-жолу — наркотикти мас болуп, магдыроо максатында атайын кабыл алуу. Мындай кишилер өзүн өзү контролдой албайт. Баңгиликке тез берилип, көп дозадагы наркотик кабыл ала баштайт. Баңгилик наркотиктен мас болуу, магдыроо сезимди эңсеп, аны кайталап кабыл алуудан башталат. Наркотиксиз алар канааттанбагандыкты, «бир нерсе жетишпегендикти» сезишет. Андай кишини наркотик гана тынчытат жана канааттандырат. Ошентип наркотикке психикалык ынтызарлык калыптанып, өнөкөткө айланат. Наркотикти кабыл алган сайын анын организмге таасири басаңдайт, ошондуктан оорулуу дозасын көбөйтүп кабыл ала баштайт. Соо кезиндеги жагымсыз абалдар (тынчы кетүү, көңүл чөгүү, наркотикти кантип табууну ойлонуу жана башка) жоголгондуктан, мас болгондо жагымдуу, көшүлтүүчү сезим пайда болгонсуйт. Бул абалдан чыгуу үчүн ал эптеп аны таап кабыл алуу үчүн өзүн кемсинтүүгө, калп айтууга, ууру кылуу жана башка кылмыштарга барат. Эгер 1 суткадан ашык наркотик кабыл албай калса, абстиненттик синдром (өмүргө коркунучтуу өтө оор психикалык бузулуу жана алы кетүү) пайда болот. Наркотик колдонбой калганда баңги токтоно албай оор абалда болот; башы ооруп, шайы кетет, кара терге түшүп, уйкусу качат, окшуйт, өңү кубарып, кыжырданат, себепсиз коркуп, сестене баштайт. Абстиненция жакындай баштаганда наркотикти колдонуу магдыраткан, жагымдуу абалга алып келбейт. Аны эми өлүп калбас үчүн гана пайдаланып калат. Абстиненция абалында адам өзүн өзү өлтүрүшү да мүмкүн. Абстиненттик мезгилде тырышуу, акыл-эстен ажыроо, галлюцинация, жөөлүү жана башка болот. Организмдин бардык системаларынын иши начарлайт, кан басымы көтөрүлөт, жүрөктүн кагышы тездейт, булчуңдар ооруйт, түйүлөт, тамак сиңирүү органдары бузулат. Оорунун өнүгүшү менен наркотикти көтөрө албай калат, мурдагы доза оор ууланууга алып келиши мүмкүн. Бара-бара организми ууккан адам аябай арыктап, наркотиктин залдарынан түрдүү ооруларга чалдыгат. Ошол дарттын кесепетинен жана наркотик денесине аппсере сиңгендиктен өлүмгө учурайт.

Баңгилике каршы күрөш[оңдоо]

Мамлекеттик көзөмөл коюлган шартта наркотикти табуу өтө кыйынчылыкты туудурат жана наркотикке адеп көнө баштоонун өзү эле кылмыш болуп эсептелет. Баңгилер наркотик табуу үчүн ар кандай кылмышка барат, мамлекеттик адептүүлүк нормасын, коомдук жобо-жосундарды жек көрөт, кылмыштуу иштерди жасайт.

Баңгилик коомдо[оңдоо]

Коом баңгиликтин таралышына каршы күрөшөт, ага жол бербейт. Наркотикти сатуу, таркатуу, уюшуп кабыл алуу, уурдоо, врачтын уруксатысыз наркотикти колдонуу законсуз деп каралып, оор кылмыш катары жазаланат.

Баңгилик адамдын ден соолугуна гана эмес, тукумуна да зыян келтирет, балдары чабал, майып төрөлөт, үй-бүлөсүнө айлана-чөйрөсүнө жаман таасир тийгизет. Баңгилердин үй-бүлөсүндөгү балдар начар тарбия алат, психикасы бузулат. Наркотикке көнүү жаш куракта башталат, анын кесепетинен эл чарбасы адистерди, жумушчуларды жоготот.

Баңгиликти дарылоо[оңдоо]

Баңгилерди атайын психиатриялык ооруканада гана такай байкоо жүргүзүп, тыкан текшерип дарылоо мүмкүн. Дарылоо узакка созулат. Ноокастар демейде дарылануудан баш тартышат, андыктан аларды мажбурлап дарылайт. Алар наркотик алып келүүсүн өтүнүп туугандарын алдашат, ошондуктан ооруканага алып келинген тамак-аш кылдат текшерүүдөн өтөт, туугандары менен жолугууга уруксат берилбейт. Наркотик колдонууга баңгилер көбүнчө өз туугандарын, жакындарын, досторун тартышат. Дарылоодон кийин оорулуунун турмуш шартын кескин өзгөртүү талап кылынат, тааныштар чөйрөсүн, жумуш ордун которуу зарыл, а түгүл турган жерин алмаштыруу максатка ылайык. Эгер наркотикти кайра колдонсо мурдагы оору кайрадан козголуп, дарт андан ары улаарып кетет. Андай учурда кайрадан ооруканада дарыланууга туура келет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8