Бейаңдуулук

Wikipedia дан

Бейаңдуулук (орус. Бессознательное) – субъект тарабынан толук, аягына чейин жетик түшүнүлбөгөн психикалык кубулуштардын жыйындысы. Бейаңдуулук түшүнүгүн илимге немис ойчулу Лейбниц киргизген.

Бейаңдуулук психологиялык жана философиялык жактан түрдүү мааниде:

а) маалыматтын баш мээге чагылбастан, субъекттин толгонууларынын деңгээлинде, кайрадан иштелип чыгуусун түшүндүрүүчү мээнин иш-аракети;

б) субъект тарабынан толук таанылып бүтпөгөн толгонуулар катары каралып келет.

Бул феномен онтогенездик өнүгүүнүн алгачкы этабында, аффект абалында, өтө чарчаганда же болбосо аң-сезимдин патологиялык өзгөрүүлөрүндө байкалат. Бейаңдуулук көүгөйүнүн өнүгүшү психопатология менен байланыштуу. Француздардын психиатрия мектеби (Ж. М. Шарко, И. Бернгейм ж. б.) тарабынан гипноздоо методунун жардамы менен Бейаңдуулук патогендик ролу табылып, адам өзү толук түшүнбөсө да, муютуу аркылуу анын аң-сезимдүү жүрүм-турумуна таасир этүүгө боло тургандыгы аныкталган. З. Фрейд да Бейаңдуулук жөнүндө окууну иштеп чыккан. Анын ою боюнча Бейаңдуулук өзүнүн энергетикалык потенциалын сактоочу, психикалык бузулуу түрүндө байкалуучу жана тымызын толгонууларды, өнүгүүдөгү кемчиликтерди билдирүүчү кубулуш.


К. Г. Юнг «коллективдүү Бейаңдуулук » жөнүндө окууну уланткан. Бул окууну символдук образдар – «архетиптер» түрүндө көз алдыга келтирүүгө болот. Ага окууга мааниси боюнча «социалдык Б.» түшүнүгү (Э. Фромм) жакын. Орусияда Бейаңдуулук түшүнүгүнүн изилдениши И. М. Сеченов, И. П. Павлов, В. М. Бехтерев ж. б. ысымдары менен байланыштуу. Алар Бейаңдуулук түшүнүгүн субсенсорика, кыймыл-аракеттерди башкаруу, уйку, гипноз ж. б. жогорку нерв системасынын иш-аракеттери менен байланышта окуп-үйрөнүшөт. Б. проблемасы грузин окумуштуусу Д. Н. Узнадзенин изилдөөлөрү да кеңири ылайыкталган. К

Кыргыз психологу, доцент К. Миңбаев Бейаңдуулук «аң-сезимсиз абал» деген термин аркылуу белгилейт. Бул абалда адам өзү жасаган аракетке баа бербейт, анын убактысына, өтүп жаткан ордуна карата багыты жоголот, атүгүл аракетти башкарган кеп да бузулат. Акыркы жылдары жарык көргөн адабияттарда Бейаңдуулук түшүнүгүн психикалык процесс, объективдүү чындыкты чагылдыруунун бир формасы катары кароого боло тургандыгы жөнүндө ойлор кездешет (А. В. Петровский). Турмушта Бейаңдуулук объективдүү жашай тургандыгын далилдеген окуялар көп кездешет. Санкт-Петербургдук психотерапевт А. М. Свядош адамды уйку-соо абалына өткөрүп чет тилди үйрөтүү мүмкүнчүлүгүн изилдеген. Адамдар тамактанганда, көчөдө, кийингенде, басып бара жатканда, машинаны башкарууда, муз. аспапта ойноодо ж. б. ар дайым эле аң-сезим катыша бербейт. Адамдардын көп кыймыл-аракеттери Бейаңдуулуктун негизинде ишке ашат. Бейаңдуулуктун бул жактары али толук изилденип бүтө элек.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,