Бейшенбек уулу, Ысакбек

Википедия дан
Ысакбек Бейшенбек уулу. КЭР. 30.7.2015.


Ысакбек Бейшенбек уулу (1975-жылы 12-февралда туулган) – кытайлык кыргыздардын заманбап илимпоздорунун бири, тарыхчы, манас таануучу.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ысакбек Бейшенбек уулу 1975-жылы 12-февралда Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы Текес ооданына караштуу Көктерек кыргыз улуттук айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал 1996-жылы Борбордук Улуттар Университетинин ханзу тили адабияты адистигин мыкты натыйжа менен бүтүргөн.

Ошол жылы августтан баштап Шинжаң Уйгур автоном райондук адабият көркөм өнөрчүлөр бирлешмеси элдик адабиятчылар коомунда Кыргыз эл ооз адабиятынын үлгүсү «Манасты» жыйноо, иреттөө, басмадан чыгаруу, которуу, изилдөө жумуштары менен эмгектенип келет.

2001-жылдан бери карай Үрүмчү шаарында «Манас» изилдөө ишканасынын мүдүрү болуп «Манас» кызматын жалпы беткей жетектеп келет.

Адабият, басма, илим жаатындагы ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2004-жылдан баштап улуу эпос «Манастын» Жүсүп Мамай айткан вариантындагы 8 урпак 18 томду ханзучага которуу кызматын жетектеп, «Семетейди» биргелешип которуп басмадан чыгарган.

2006, 2007-жылдары айрым-айрым түрдө «Манас» жана «Кыргыздын элдик дастандарын» мамлекет даражалуу жана автоном район даражалуу бейзаттык маданий мурастар тизмесине натыйжалуу киргизген.

2008-жылы «Манасты» «Бириккен мамлекеттер уюмунун адамзаттын бейзаттык маданий мурастар тизмесине жолдоо» кызматына катышып адамзаттын бейзаттык маданий мурастар тизмесине «Манасты» жолдоо материялынын түпкү нускасын жазган.

Узун мезгил баатырдык эпосторду, бейзаттык маданий мурастарды изилдөө, коргоо кызматы менен эмгектенип келет.

Мамлекет ичи жана чет элдерде 30дан ашуун илимий макаласы жарыяланган.

Дүйнөдө бирден-бир Манастын ата-бабаларынын иш-издерин айткан атактуу манасчы Сатыбалды Аалынын «Манастын бабалары» (2010) менен «Манасты» (элдик өнөрпөздөр айткан кол жазма, 2012-жылы, 4 том, элүүдөн ашуун Манасчынын айтымындагы «Манас», 200 миң саптан ашуун) 2012-жылы мамлекеттык коомдук илимдер кору ажыратылган жаш окумуштуулар илимий түрү боюнча «залкар Манасчы Жүсүп Мамайга окшобогон мезгилдерде айткан варианттары жана жөрөлгөлүү окуялары боюнча салыштырмалуу изилдөө» аттуу мамлекеттик темага ээ болуп, ошонун үстүндө эмгектенүүдө.

Кыргыз, ханзу, казак тилдеринде эркин чыгармачылык жүргүзө алат.

Коомдук жана чыгармачыл уюмдарга мүчөлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал КЭРдин ШУАР автоном райондук адабият көркөм өнөрчүлөр бирлешмесинин мүчөсү, Кытай элдик адабиятчылар коомунун мүчөсү, Шинжаң элдик адабиятчылар коомунун башкаруу мүчөсү.


Устаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылдан 2012-жылга чейин борбордук үгүт бөлүмүнүн 8-кезектүү «Батыш нуру» аталышындагы зыяратчы, окумуштуу катары Кытай коомдук илимдер академиясы улуттар адабиятын изилдөө ордунда илимий кызматта болгон, ары атактуу эпос таануучу, доктор жетекчи, изилдөөчү Чау Гыжын аттуу профессордон эпосчулук назарыясы боюнча билим алган.

Кыргызстанга сапары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2014-жылы май айында Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган Биринчи эл аралык илимий жыйынга катышып, Кыргызстандын Бишкек, Талас, Нарын шаарларын кыдырган.

Сыйлыктары. Наамдары.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2009-жылы коомдук илимдер боюнча адис изилдөөчү илимий атагын алган.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Сүрөт баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кытайлык кыргыз илимпоздору Ысакбек Бейшенбек (оңдо) менен Айтмамбет Бейшебай Бээжин шаарындагы уйгур дастандарын таануу боюнча эл аралык илимий жыйында. Кытай. 19.10.2015.
Кытайдагы кыргыз окумуштуулары, профессорлор Макелек Өмүрбай (оңдо) менен Мамбеттурду Мамбетакун (солдон экинчиси) "Манас" таануу боюнча эл аралык жыйын маалында Жусуп Мамайдын айтуусундагы "Манас" вариантынын Бишкектеги басылышын белекке алууда. Оңдон экинчи - Чолпон Субакожоева, солдо - Т.Чоротегин. Үрүмчү шаары, КЭР. 24.10.2015.
Тарыхчы Жаркын Турсун Бээжин шаарында. 21.10.2015.
Профессорлор Адыл Жуматурду уулу жана Токтобүбү Ысак кызы коноктор жана уул-кызы менен Бээжинде. 21.10.2015.