Бекболиев Эгемберди Жайлобекович

Википедия дан
Бекболиев, Эгемберди
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Бекболиев, Эгемберди
Туулган жылы: 1955-жыл
Туулган жери: Букара айылы, Панфилов району, Чүй облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана кино артисти, теле алып баруучу , режиссер
Наамдары: Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1976-жылдан баштап азыркы кезге чейин
Театр: Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры

Бекболиев, Эгембердитеатр жана кино артисти, теле алып баруучу, режиссер.

Өмүр баяны жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эгемберди 1972-жылы айлындагы орто мектепти аяктаган соң, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдында жаңыдан эле ачылган театралдык студияга тапшырып, 290 дон ашуун абитуриенттин ичинен тандалып алынган 24 улан-кыздардын катарында 2 жылдык окууга өтүп кетет.
1973-75-жылдары Эгемберди Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келет да, кайрадан окуусун улантат.
1976-жылдан тартып ал Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артисттикке кабыл алынат да, ошондон ушул күнгө чейин ушул коллективдин ирегесинде жигердүү эмгектенип келе жатат.
Театрда иштеп жатып эле, жогорку билимди сырттан алуу үчүн Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр жана сүрөт институтуна тапшырат. Бирок, 1990-жылдагы кыргыз-өзүбек жаңжалы чыккан Ош окуясына байланыштуу Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, кийин 1993-жылы аны ийгиликтүү бүтүрүп чыгат.
Бүтүрүп гана тим болбостон, ушул күнгө чейин институттун актердук бөлүмүндө актердук чеберчиликтен сабак берет.
Эгемберди академиялык драма театрына кирген алгачкы учурдан тартып эле, өзүнө чейинки улуу муундагы артисттер ойногон бир нече ролдорду дароо аткара баштайт.
Маселен, “Ак боз атта”, Шамур. Бул ролду мурда Болот Шалтаев ойногон. Же болбосо, “Трибуналда” Володя. Муну 1972-жылдан тартып Т.Турсунбаеванын таланттуу курсташтарынын бири Жумабек Козукеев аткарган. Ошондой эле “Үйлөнүүдө” Кочкаревдун ролун алат. Бул ролду учурунда Кыргыз ССРинин эл артисти С.Жаманов аткарган. Дагы бир мурунку муундан Эгембердиге өткөн роль “Өлбөстүн үрөнү” драмасындагы Зарлык. Зарлыкты өз кезегинде Т.Турсунбаеванын дагы бир курсташы С.Бийназаров ойногон эле. Баарынан да Кыргыз драма театрынын легендарлуу спектаклдеринн бири “Саманчынын жолунда” да Эгемберди мурунку муундан Субанкулдун ролун алат.
Ушул эле жылдары кыргыз элинин улуу актрисасы Бакен Кыдыкеева А.Осмоновдун “Махабат” драмасын сахналштырып, Эгемберди анда бышкы ролду ойногон.
Андан көп өтпөй эле кыргыз сахнасынын классикасына айланган Т.Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” драмасы кайрадан сахнага коюлганда, Эгемберди дагы башкы каарман Нурдиндин ролун ийгиликтүү аткарат.
Бирок, Эгембердинин артисттик мүмкүнчүлүгүн, ийкемдүүлгүн, темпераментин мыкты билген режиссер, бир чети театралдык студияда окуткан мугалими О.Еркимбаева ага арнап, 1981-жылы дүйнөлүк драматургиянын шедеврлеринин бири “Бий мугалими” (авт.Лопе де Вега) комедиясын койгон. Бул спектаклдеги Альдемаронун ролу акыйкаттан эле Эгембердиге жазылгандай болчу.
Ушул роль менен жаш актер дароо эле кыргыз театрында өзүнүн ээлей турган орду бар чыгармачылык инсан экенин айгинеледи.
Бул жылдыздуу ролдон соң чыгармачылык жылдызы ого бетер жанган Эгемберди Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын репертуарындагы “Манастын уулу - Семетей” сыяктуу эпикалык драмалардан тартып, көптөгөн спектаклдерде көрүнүктүү ролдордун көпчүлүгүн ойной баштады. Ушул кезге чейин ойноп келе жатат.
Эгемберди театр менен гана чектелбей кинодубляжда да ийгиликтүү иштеген. Ал эми 2000-жылдардан кийин ал кыргыздын алгачкы телесериалы болгон “Чиркин өмүрдөн” тартып, бир кыйла сериалдарга жана фильмдерге тартылды.
Акыркы жети-сегиз жылдын аралыгында Эгемберди өзүнүн чыгармачылык күчүн режиссурада да ийгиликтүү сынап көрүүдө. Анын “Дубал”, “Тагдыр”, “Баяндуу махабат”, “Ак кеме” сыяктуу спектаклдери кыргыз саханасына жаңы, өз чыгармачылык жүзү бар режиссер келгенин күбөлөндүрдү.

Театрдагы негизги ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган кинолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Чиркин өмүр»
  • «Апамдын махабаты»
  • «Үзүлбөгөн үзөңгү»
  • «Президент жана бомж» ж.б.

Койгон спектаклдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Дубал» (Ян Теттер)
  • «Тагдыр» (Р.Оторбаев)
  • «Баяндуу махабат» (Б.Калчабаева)
  • «Ак кеме» (Ч.Айтматов)


Наамдары жана сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын эл артисти.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
  • Чүй облусу. Энциклопедия. Бишкек, 1994-жыл.
  • Ж.Кулмамбетов, “Театр дүйнөсүндө”, Фрунзе, “Кыргызстан”, 1987.