Бекке ыкмасы

Wikipedia дан

Бекке ыкмасы – катуу заттын сынуу көрсөткүчүн өлчөөчү иммерсия ыкмасынын бир түрү. Изилденүүчү зат майдаланган түрдө бир тамчы суюктукка салынат да, микроскоптон каралат. Сынуу көрсөткүчү эки башка болгон эки чөйрөнүн чегинде интерференция кубулушу менен толук ички чагылуунун негизинде жука жарык тилке – Бекке тилкеси пайда болот. Микроскоптун тубусун көтөргөндө бул тилке сынуу көрсөткүчү n чоң болгон, ал эми төмөн түшүргөндө n кичине болгон затты көздөй жылат. Суюктук менен андагы заттын сынуу көрсөткүчтөрү бирдей болсо, бул тилке жоголот. Сынуу көрсөткүчтөрү n белгилүү болгон түрдүү суюктук аркылуу катуу заттын сынуу көрсөткүчү аныкталат. Бул ыкма [Friedrich Johann Karl Becke] (1855–1931).[1] тарабындан иштелип чыккан.

Колдонулган адабият[оңдоо]

  • © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек.
  • ISBN 9967-14-010-0

Эскертүүлөр[оңдоо]

  1. Davidson, Michael W. Friedrich Johann Karl Becke (1855–1931). Molecular Expressions. Текшерилеген күнү21 Ноябрь (Жетинин айы) 2012.