Бек, бег, бей, бий

Википедия дан

БЕК, бег, бей, бий (түркчөдөн: бийлөөчү, төрө; эмир дегендин синоними) – Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүндө уруу башчыларынын, ошондой эле феодал ак сөөктөрүнүн титулу. Борбордук Азияда 14-кылымдан тартып кезигет. Алтын ордонун ханы мусулман динин кабыл алган моңгол нойондоруна бек титулун берген.

Кыргызстанда Кокон ханы үстөмдүк кылып турган учурда пайда болгон. Хан тарабынан дайындалып, бир вилайетти башкарган адамды бек деп аташкан. Ал түздөн-түз ханга баш ийип, вилайетте бийликти өз колунда кармап турган, элден алык-салык жыйнатып хандын казынасына өткөргөн, хандын аскерине толуктоо жиберип, өз вилайетиндеги жоокерлерге башчылык кылган. Кыргыз бектери Кокон хандыгынын тиреги болгон. Мансаптан ажыраса деле бек наамы сакталып калган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...