Белбоо

Википедия дан

Белбоо – белге курчана турган буюм. Көбүнчө көп түстүү жоон жиптерден чалып токуу, өрүү жолу менен колдо жасалган. Белбоо жиптери жүндөн, кебезден, жибектен түрдүү түстө, түрдүү жоондукта даярдалган. Чачы жиптери жибектен болгон. Белбоонун учтары, төмөнкү чети, айрым учурда жогорку чети да түрдүүчө чачылган.

Белбоонун узундугу белге бир же эки оролуп, учтары алды жака илмек байланган. Белбоо чепкендин, ичиктин, тондун, кемзелдин, көйнөктүн сыртынан курчалган. Алтын, күмүш жипчелери аралаш согулган, чачыланган баалуу белбоолор да болгон. Кийин белбоо кездеме кур, кемер кур менен алмашылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]