Белеков Кемел Абдылдаевич

Википедия дан

Белеков Кемел Абдылдаевич - акын.

Кемел Белеков 1956-жылы 26-ноябрда Фрунзе шаарында туулган.
1974-жылы Ысык-Көл районундагы Корумду орто мектебин,
1979-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун филология факультетин аяктаган.
1979–1985-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы,
1985–1986-жж. «Ала-Тоо» журналынын редакциясында редактор,
1986–1999-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы, жооптуу катчы,
1999–2001-жж. «Аргумент» гезитинин редактору, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жардамчысы, «Асаба» гезитинин редакторунун орунбасары болуп иштеген.
2003-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматында эксперт болуп иштейт.

Анын биринчи ыры 1967-жылы «Ленинчил жаш» журналына жарыяланган. 1984-жылы «Турна чакырыгы» аттуу биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөн. К.Белеков прозалык чыгармалардын, ырлардын, макалалардын автору.
1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Журналисттер союзунун жана Жусуп Турусбеков атындагы адабий сыйлыктардын ээси.
1995-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Турна чакырык: Ырлар. . – Ф.: Мектеп, 1984-ж. – 26 б.

Уйкусуз түндүн ырлары. . – Ф.: Адабият, 1989-ж. – 80 б.

Ырлар. – Ф.: Адабият, 1989-ж. – 80 б.

Ку-ка-ре-ку! Б.: Адабият, 1991-ж. – 20 б.

Залкар: Көркөм публицистика. – Ф.: Кыргызстан, 1996-ж. – 250 б. ‏‎‏‎