Бел кырчоо

Википедия дан

Боз үйдүн туурдугунун ортосунан тегерете курчалган узун жип. Ал жүндөн да, кылдан да болот. Кыл же жүн таралып, түйдөк кылынат. Кол менен катталып, аркан менен чылбырдай эшилүүчү жиптер оңго чыйратылат да, толгоосу солго имерилет. Үч адам толгойт, бирөө эшилип жаткан бел кырчоолук аркан — жипти түрөт. Муну жасоо — эшмечиликтин татаал түрү. Бул тогуз — он эки жиптен турат да, бел кырчоонун узундугу боз үйдүн аянты менен өлчөнөт.


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)