Бензилхлорид

Википедия дан

Бензилхлорид (хлорметил бензол, a-хлортолуол), С6Н5СН2Cl – кескин жыттуу түссүз суюктук; мол. масс. 126,59; балкып эрүү t 390С, кайноо t 179,3оС, d254 1,100 г/см3; nD20 1,5391; Этанол, хлороформ, бензолдо чексиз эрийт; сууда эрибейт. Хлор атому нуклеофилдик орун алмашуу, ал эми ароматтык шакекчедеги суутек атомдору электрофилдик орун алмашуу реакциясына оңой кирет. Б. сууну кошуп ысытса, акырындык менен гидролизденип, бензил спиртин С6Н5СН2ОН пайда кылат:

C6H5CH2Cl + HOH  C6H5CH2OH + HCl

Б. KCN менен реакцияга кирип, бензилцианидди С6Н5СН2CN, Na менен дибензилди, Mg менен Гриньяр реактивин пайда кылат.

2C6H5CH2Cl+2NaC6H5CH2-CH2C6H5+2NaCl C6H5CH2Cl + Mg  C6H5CH2MgCl

Б. өнөр жайларда толуолду ультрокызгылткөк-нуру таасири менен же 2,2-азо-бис-изобутиронитрил катышуусунда хлорирлөөдөн алынат. Лаб-яда толуол менен SO2Cl2 инициатор катышуусунда хлорлоодон же бензолду хлорметилдөөдө алынат. Б. бензил спиртин, бензой к-тасы татаал эфирлери, бензилцианид, бензилцеллюлоза алууда колдонулат. Б. көздүн былжыр челин жана терини дүүлүктүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]