Бензил спирти

Википедия дан

Бензил спирти (фенилкарбинол), С6Н5СН2ОН – мол. масс. 108,14, түссүз суюктук; кайноо t 205,8оС; этанолдо жана башка орг. эриткичтерде SO2 жана аммиак эритмелеринде эрийт. Б. с. бензилхлорид же бензилацетат щелочь эритмесинде гидролиздөө жана толуолду окистендирүүдөн алынат. Б. с. жана анын татаал эфирлери бальзамда көп, эфир майларында кездешет, мис., бензилацетат – гиацинт майы, жасмин, гарденин негизги бөлүгүн, бензилбензоат – перу бальзамы, бензилциннамат – бензой чайыры жана перу бальзамдары негизги компонентин түзөт. Б. с. жана анын эфирлери (бензилбензоат) парфюмерияда жана самын жасоодо, жагымдуу жыт берүү үчүн бензилацетат, бензилсалицилат тамак-аш эссенциясын даярдоодо, лак эриткич жана косметикалык зат катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]