Бергсон, Анри

Wikipedia дан
Анри Бергсон

Өмүр баяны[оңдоо]

Анри Бергсон (1859—1941) — XX кылымдагы иррационализмдин эң көрүнүктүү өкүлү. Парижде англ-поляк үй бүлөсүндө туулган. Кондорсэ лицейине кирип, андан кийин Жогорку демейки мектепте окуп, аны 1881-жылы бүтүрөт. Анжерде жана Клермон-Ферранде философиядан сабак берет, андан кийин Парижге кайтып келет да, бир нече лицейлерде сабак берип, кийин Жогорку демейки мектепке иштөөгө отот. 1900-жылы Коллеж де Франста кафедраны жетектейт. Бул мезгил ченде ал өзүнүн «Күлкү» (1900) жана «Чыгармачылык эволюция» (1907) деген эмгектерин жарыялай баштаган.
«Чыгармачылык эволюция» Бергсонго эл аралык атак-даңк алып келген жана өтө кеңири белгилүү эмгектерден болуп калат. 1914-жылы ал Француз Академиясына шайланат. Ошол эле жылы Бергсондун антиинтеллекциионизми рим католицизми үчүн зыяндуу деп табылгандыктан анын китептери католик чиркөөсү тарабынан тыюу салынган китептердин Индексине кирет. Бирок, анын философиясы кеңири белгилүү жана популярдуу бойдон кала берет. Ал башка философторго зор таасир тийгизген. 1919-жылы «Акыл-эс энергиясы» деген очерктер жыйнагы жарык көрөт, анда Бергсон Эйнштейн менен салыштырмалуулук проблемасын талкуулайт. Ден соолугунун начарлашына байланыштуу 1921-жылы Коллеж де Франстын профессордук кызматынан баш тартат. 1927-жылы ага адабият боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылат.

Чыгармачылык жолу[оңдоо]

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки мезгилде ал эл аралык саясатка зор көңүл бурат жана улуттар арасындагы өз ара ынтымакта жашоо жана кызматташтык үчүн көп нерселерди иштейт. Экинчи дүйнөлүк согуш башталгандан кийин көпкө узабай душман тарабынан басып алынган Парижде жашап турган кезинде Бергсондон еврей катарында каттоодон өтүүнү талап кылышат. Катталуу баракчасын толтуруу үчүн катуу суукта бир нече саат бою кезекте тургандыктан өпкөсүнө суук тийип, 1941-жылы 3-январда каза болот.
Бергсонго философиялык атак-даңкты анын «Чыгармачылык эволюция» деген эмгеги алып келсе да «Аң-сезимдин түздөн түз маалыматтары жөнүндө очерктер» (1899) деген эмгегинде эле ал өзүнүн окуусунун башкы жоболорун негиздеп көрсөткөн. Анын философиясы үчүн башкы нерсе убакыт түшүнүгү болуп саналат. Ал саат жана башка каражаттар менен өлчөнө турган илимий убакытты, ошону менен бирге турмуш-тиричиликтин агымы катарында-окуялардын динамикалуу жана активдүү агымы катарында таза убакытты бөлүп көрсөтөт. Бул убакытты биз түздөн-түз өз башыбыздан өткөрөбүз жана ошол убакыттын ичинде кээде эркин түрдө аракеттенүү мүмкүнчүлүгү болушу ыктымал. Убакыттын биринчи маанисинде алганда дал интеллект белгилүү бир убакыт ченеминде аракеттенет. Ал бардык айрым маңыздарды, ырааттуулуктарды, абалдарды уюштуруп, концептуалдаштырат жана өзү иш жүзүндө ээ болбосо да реалдуулукка ачык жана оригиналдуу аспект берет. Интеллектуализм практикалык мааниге ээ, ал турмуш кыйынчылыктарын жеңип чыгууга мүмкүндүк берет, бирок ошол эле убакта, деп эсептейт Бергсон, бул философиялык жаңылыштыкка алып келет, атап айтканда, дүйнө сүрөтүн натуура түрдө көрсөтөт. Чындыкта сөздөрдүн жана интеллектуалдык аныктамалардын негизинде биз ишене турган бир да «окшош кырдаалдар» жок. Иш жүзүндө дайыма айырмаланып турган өзгөрүлүүчү тажрыйбалардын агымы гана бар. Бул жанагы реалдуу убакыт дегенибиздин өзү же «узактык». Ал кандайдыр бир мейкиндикте да созулуп жатпайт же кандайдыр бир хронометр менен да өлчөнбөйт.
Ал убакыт биз аны байкай алгандыгыбыздан улам гана узактык катарында жашай алат. Бергсон мындай деп жазат: «Узактыктын интервалы (аралыгы) биз үчүн гана жана биздин абалыбыздын аң-сезимибизде өтмө катар болуп куюлушуп өтүп турган үчүн гана жашайт, бизден тышкарыда мейкиндиктен башка эч нерсени табууга болбойт, мына ошентип бир мезгилдүүлүк да болбойт, аны обьективдүү түрдө бири-биринин артынан агылып турган нерсе катарында айтууга да болбойт».

Убакыт Анри боюнча[оңдоо]

Бергсон убакытты экиге бөлүп айырмалайт, биринчиси физика убакыты, бул мейкиндикти билдирет, экинчиси узактык — аң-сезим убактысы. Аң-сезим убактысында өнүгүү камтылып турат. Убакытты түзгөн окуялар кайталангыс, мына ошондуктан ал үзгүлтүксүз болуп тура берет жана келечекке багытталган. Бул идея У.Жемстин «аң-сезим агымы» жөнүндөгү идеясына окшош.
«Чыгармачылык эволюцияда» Бергсон чындыкты механикалык түрдө сүрөттөөнү жана чындыкты кайсы бир максатка багыт алган кыймыл терминдери менен сүрөттөгөн теорияны четке кагат. Ал ар бир организмдин жашап, аракет кылып турушу кайсы бир максаттын иш-аракетине баш иет деген көз карашты четке кагат. Анын өз көз карашы боюнча ар бир адамдын чыгармачылык эволюциясын турмуштук күч, турмуштук умтулуш жана турмуштук рух башкарып турат. Бул негизги энергияда спецификалык максат болбойт. Дал ушул чыгармачыл жана жаратуучу күч формалардын чексиз түрлөрүн пайда кылып турат. Бергсон адам жанын турмуштук күч менен аныктала турган организм катарында кароого умтулат.
Бул турмуштук умтулууну, күчтү таанып-билүүнүн органы, Бергсондун ою боюнча, интуиция болуп саналат, мында тааным актысы «чындыкты жаратуучу акт менен дал келет» жана таанып-билүүчү менен таанып-билинүүчү нерсенин ортосундагы айырма жоголот. Интуиция — бул жайбаракат гана байкоо, ал практикалык кызыкчылыктарга көз каранды эмес жана ал практика менен байланышкан ар кандай көз краштардан эркин. Чындыкты адекваттуу таанып-билүү практикадан тышкары, ага көз каранды болбогон учурда гана мүмкүн. Интуиция — таанымдын идеалдуу түрү.
Бергсондун пикири боюнча, интеллект менен илим тааным үчүн эмес, аракет үчүн, практика үчүн гана пайда болгон. Интеллект практика менен өзүнүн жаратылышы боюнча гана эмес, өзүнүн усулдары жана категорияларын пайдаланышы менен да байланышып турат. Илим, б.а. интеллект менен чындыктын ортосундагы мамиле практикалык гана мамиле. Илимдин предмети — чындыктын өзү эмес, ушул чындыкка карата болгон биздин иш-аракетибиз болуп чыгат. «Интеллекттин кадыресе эмгеги,— деп жазат Бергсон,— дегеле белгилүү бир пайданы көздөбөгөн эмгек болуп саналбайт. Жалпы эле биз билимге билим үчүн гана ээ болбойбуз, биз ага белгилүү бир чечимди кабыл алуу үчүн же пайда табуу үчүн, кыскасы кайсы бир мүдөө үчүн гана ээ болобуз. Ар бир түшүнүк... биздин чындык, реалдуулук алдыга койгон практикалык суроо жана бул суроого реалдуулук практикалык иштерге мүнөздүү болгондой кыска гана «ооба» же «жок» деп жооп берүүгө тийиш [Бергсон А. Метафизикага кириш сөз // Чыгарм. жыйн., 5-том, СПб., 1914. 137-6].

Илимий тааным[оңдоо]

Илимий тааным түрүндө интеллект, Бергсон боюнча, дайыма бир жактуу келет, анткени ал практика үчүн керектүү нерсени гана көрөт жана тандайт да, өзүн кызыктырбагандарды, алар өзүнчө алганда маанилүү болсо да, көңүлгө албайт. Бергсон мындай деп жазат: «Жөнү жок ой жүгүртүүдөн мурда жашоо керек, ал эми жашоо болсо биздин көзүбүзгө көздүк тагынып алып, оңго да, солго да карабай бара турган жагыбызга түз кете берүүбүздү... биздин мүмкүн болуучу таанып-билүүбүздүн чексиз кеңири мейкининде биздин нерселерге тийгизе турган таасирлерибиз үчүн пайдалуу боло тургандардын баарын чогултуп топтоону жана булардан азыркы билимдерди түзүүнү, калган бардык нерселерге көңүл бурбай эле коюуну талап кылат. Мээ мына ушундай тандоо ишине ылайык түзүлгөн сыяктуу, муну акыл-эстин иши аркылуу оңой эле көрсөтүүгө болот.
[Бергсон А. Өзгөрүүчүлүктү кабылдоо // Ошонун өзүндө. 4-том, 22-6].
Бергсон аң-сезимди «иш-аракеттин жөнөкөй гана жардамчысы, иш-аракеттен келип чыга турган жарык, реалдуу иш-аракет менен мүмкүн болуучу иш-аракеттин сүрүлүүсүнөн келип жарк этип чыга турган учкун деп атаса болор эле» деп эсептейт [Бергсон А. Чыгармачылык эволюция // Ошонун өзүндө. 161-6].
Бергсондун интеллектиге берген бир баасынан анын интеллект менен илимди сынга алуусу келип чыгат. Анын пикири боюнча, интеллект нерселердин өзүн эмес, алардын маңызын эмес, нерселердин ортосундагы мамилелерди гана таанып билет. Интеллектуалдуу тааным — бул тышкы тааным. Интеллектин артыкчылыгы да, анын кемчилдиги, чектелгендиги да мына ушунда турат. Ошондой болсо да, Бергсон интеллект дүйнөнүн сүрөтүн салыштырмалуу түрдө туура бере аларын моюнга алат.
Бергсон а түгүл интеллектти интуициядан да жогору коёт. Ал, кала берсе философия да интуицияга толук ээ болгонуна карабастан «өзүнүн предметин илим өз предметин таанып-билгендей даражада эч качан таанып-биле албайт. Интеллект бул жаркыраган ядро, ал эми анын айланасында, тазаланган жана интуициянын абалына чейин кеңейтилген инстинкт да туман сыяктуу гана белгисиз бир нерсени пайда кыла алат» — деп жазат [Ошонун өзүндө. 159-6.]. Интеллектин жана илимдин реалдуу дүйнө менен гана иши болот, «бул реалдуу дүйнө өзүнүн инерттүү материя деп аталган чөйрөсүнөн чыгып кетпесе эле болгону» [Ошонун өзүндө. 135-6.].
Бирок интеллекттин артыкчылыгы менен бирге Бергсон анын кемчиликтери жөнүндө да сөз кылат. Таанымдын чыныгы максаты реалдуу дүйнөнү жайбаракат гана байкоо, мындай байкоого интеллект жөндөмсүз. Бул болсо кыймылды, калыптанууну, өнүгүүнү сүрөттөп көрсөтүүдө, таанып-билүүдө дароо эле байкалат. Интеллект кыймылды кинематограф сыяктуу кайталап көрсөтүүгө гана жөндөмдүү келет. Бергсон интеллектти «турмушту табигый түрүндө түшүнбөөчүлүк» катарында мүнөздөйт» [Ошонун өзүндө. 148-6.] .
Бергсондун пикири боюнча, турмушту интуициянын жардамы менен гана толук түрдө таанып-билүүгө болот, ал таанымдын көбүрөөк өркүндөгөн жана терең формасы болуп саналат. Интуиция, Бергсон үчүн — «интеллектуалдык симпатиянын бир түрү, бул жол менен ал предметтин ич-койнуна киргизилет да, ал предметтин ичиндеги жападан жалгыз жана айтып түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон нерсе менен кошулат» [Бергсон А. Метафизикага кириш сөз // Ошонун өзүндө. 5-том, 6-6.].

Интуиция[оңдоо]

Ошол эле убакта Бергсон интеллектти интуициядан алып келип чыгарбай турганын эскертет. Интеллект жана интуиция — бул билимдин эки түрү, алар параллель түрдө өнүгүшөт. Интуициянын булагы — инстинкт. Бергсон үчүн интеллект жана интуиция — бул «бир эле проблеманы эки түрдүү, бирок бирдей эң сонун чечүү» дегендик [Чыгармачылык эволюция. 128-6.].
Мына ошентип, интуиция дегенибиз — нерселердин маңызын түздөн-түз аңдап-билүү. Ал турмушту окуялардын жөн гана механикалык түрдө алмашылып жана кайталанып турган нерсе катарында гана түшүнбөстөн, аны бүткүл ички маңызы менен бирге толук аңдап-билип, түшүнө алат. Интуицияны Бергсон туюм-сезим же интеллектуалдуулук катарында эмес, кандайдыр бир практикалык кызыкчылыктан эркин болгон жайбаракат байкоо катарында түшүнөт.
Бергсон интеллект менен интуиция таанымдын эки формасы (түрү) катарында параллель жүрө турганын көп жолу эскертсе да, ал интуицияга шексиз артыкчылык берет, ошондуктан аны интуиционизмдин тарапкери, ал эми анын интеллектти сынга алгандыгы үчүн аны антиинтеллектуалист деп эсептешет.

Өнүгүү жана эволюция[оңдоо]

Ошол эле убакта Бергсон адам таанымынын бир катар мүнөздүү белгилерин, атап айтканда, анын бир жактуулугун жана турмуш менен өнүгүүнү механикалык түрдө түшүнөөрүн туура баамдап көрсөтөт. Ал өнүгүү жөнүндө өз концепциясын сунуш кылат жана аны чыгармачылык эволюция деп атап, механикалык концепцияга карама-каршы коёт. Бергсон туруктуу, өзгөрүлбөс, кайталанып турган нерселерди гана карманып, ал эми өнүгүү процессинде жаңынын пайда болушунун мүмкүндүгүн тангандыгы үчүн механицизмди кескин сынга алат. Механицизм дүйнө мейкиндикте орун алган өзгөрүлбөс нерселерден турат деп эсептейт жана өнүгүүнүн биологиялык формасын тааныбайт: механицизмге ылайык бир бүтүн нерсе бөлүкчөлөрдү бири-бири менен механикалык түрдө кошуу жолу аркылуу гана пайда болот. Механицизм чындыгында тарыхый өнүгүүнү четке кагат. Бергсон мындай деп жазат: «механикалык түшүндүрүүнүн маңызы — өткөн чак менен келер чакты учур чактын функциясы деп эсептегендигинде, демек бардык нерсе бир гана учур чактын тургусунан каралат дегендигинде турат» [Ошонун өзүндө. 34-6.].
Бергсон үчүн өнүгүү жана эволюция дегенибиз — бул жашоо, ал эми жашоо болсо ушул жашоону түзгөн жандуу системалардан көрүнөт. Жандуу системалар кайталангыс, ошондуктан аны интеллект аркылуу таанып-билүүгө болбойт. Бул системалар кайра жангыс системалар жана ал алдын ала көрө билүүгө жол бербейт, б.а. жашоону таанымдын илимий усулдары аркылуу аңдап-түшүнүүгө мүмкүн эмес.
Бергсон жашоону биологиялык кубулуш катарында түшүнбөй психикалык процесстин терминдеринде (в терминах психического процесса) түшүнөт. Ал мындай деп жазат: «Эң аз дегенде бир гана реалдуулук бар, аны биз жөнөкөй талдоо жолу менен эмес, интуиция жолу менен ички жагына үңүлө барып кармай алабыз... Бул биздин Мен, ал улана берет» [Ошонун өзүндө. 7-6.].
Бергсон «Жандуу күч» — адегенде эле примитивдүү жандуу системаларды бир нече багыттарга бөлүп, стабилдүүлүктү, инстинктти жана интеллектти билдирген өсүмдүктөрдү, курт-кумурскаларды, жаныбарларды жаратты деп эсептейт. «Аристотелден тартып табийгат философиясынын көп бөлүгүн бузган эң башкы жаңылыштык мында турат: мурдагы көз караш боюнча өсүмдүктөрдүн турмушунда, инстинкттик турмушта жана аң-сезимдүү турмушта бир эле өнүгүп жаткан тенденциянын үч ырааттуу даражасы бар деп каралат, ал эми чындыгында бул өзүнүн өсүп-өнүгүш процессинде бир эле ишмердиктин бөлүнүп кеткен үч багыты гана болуп саналат. Алардын ортосундагы айырма интенсивдүүлүүгүндө да эмес, даражасында да эмес, алардын жаратылыш боюнча айырмачылыгында» [Чыгармачылык эволюция. 121-6.].
Бергсон — философиядагы иррационализмдин өкүлү, ал өз алдынча мектеп түзбөсө да, өзүнүн оригинал көз караштары бар философ катарында таанылып калган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8