Берг, Лев Семенович

Википедия дан
Лев С. Берг.

Берг, Лев Семенович (1876, Бендеры, мурунку Бессарабия — 1950, Ленинград) — географ жана биолог, СССР ИАнын академиги (1946), РСФСРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1934).

1898-ж. Москва университетин бүтүргөн. 1904-жылдан Москва, Ленинграддын илимий мекемелеринде иштеген. 1918-ж. География институтун уюштуруучулардан, бул институт 1925-ж. Ленинград университетинин географиялык факультетине айланган. Берг анда өмүурүнүн акырына чейин физикалык география кафедрасын жетектеген.

Ысык-Көлге 1903-ж. 1-жолу саякат жасаган. 1928-ж. анын жетекчилиги менен СССР ИАнын кыргыз комплексинин экспедициясы иштеген. Ысык-Көлдүн жаратылышын, климатын, гидрологиясын, өзгөчө балыктарыы изилдеген. Ал башкарган экспедиция Ысык-Көлдүн тереңдигин (эң тереңи 702 м, орточо тереңи 279 м), рельефин, термикасын, суусунун көлөмүн аныктап, 1-батиметриялык картасын түзгөн. Бергдин сунушу менен Ысык-Көлгө Севан көлүнөн жилингир балыгы алып келинген. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1951). Орден, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.