Бердикеев Канболот

Википедия дан

Бердикеев Канболот - жазуучу, публицист.

Канболот Бердикеев 1938-жылы 1-сентябрда Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган.
1955-жылы Чаек орто мектебин, 1960-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун ветеринардык факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1960-жылы В.И.Ленин атындагы колхоздо ветеринардык врач болуп иштөө менен баштаган.
1964-жылы райондук ветеринардык станциянын начальнигинин орунбасары,
1975-жылдан Жумгал райондук малды бордоп семиртүүчү колхоздо ветеринардык лабораториянын башчысы, башкы ветврач болуп иштеген.
1980-жылдан 1997-жылга чейин Чаек эт комбинатында ветврач болуп эмгектенет. Азыркы мезгилде ардактуу эс алууда.
Чыгармалары 1960-жылдан баштап басма сөз беттеринде жарыялана баштаган.
1976-жылы «Абийир» деген ат менен новеллалар жыйнагы жарык көргөн.
1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1971-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Абийир: Новеллалар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 50 б.

Көкө-мерен: Повесть жана жанытмалар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 184 б.

Айдың-Көл: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 172 б.

Нуска: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 197 б.

Айып: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1986. – 288 б.

Капсалаң: Повесттер. – Б.: Кыргызстан, 1995. – 224 б.

Чоң апамдын жомогу: Повесть.– Б.: Изат, 1998. – 54 б.

‏‎ ‏‎