Жорж Беркли

Википедия дан
Беркли, Жорж‎»‎ барагынан багытталды)
Жорж Беркли.

Жорж Беркли (1685—1753) — англиялык эмпиризмдин бир кыйла олуттуу өкүлү. Ирландияда, англиялык дворяндык үй-бүлөдө туулган. Дублин университетин бүтүрүп, 1704-жылы искусство бакалавры деген даража алат. Көпкө узабастан ал коллежде сабак бере баштайт. 1713-жылдан баштап Францияда, Италияда, Түндүк Америкада көп жолу саякатта болуп, ал жерде миссионердик иш жүргүзүүгө ниеттенет, бирок каражаттын жоктугуна байланыштуу ата-мекенине кайтып келет. Англиялык чиркөөнүн эпископу деген наам алган соң өзүнүн калган бүткүл өмүрүн Түштүк Ирландиядагы Клойн деген жерде өткөрөт. Өлөрүнөн бир аз мурда Оксфордго көчүп келет да, көпкө узабай каза болот.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал төмөнкү эмгектерди жазган: «Көз караш теориясынын жаңы тажрыйбасы» (1709), «Адам билиминин принциптери жөнүндө трактат» (1710), «Гилас менен Филонустун ортосундагы үч маек» (1713), «Алсифрон» (1732), «Аналитик» (1734), «Сейрис» (1744).

Университетте окуп жүргөн биринчи жылдарда эле Беркли табият илимдеринин ийгиликтерине көзү жете баштайт. Мына ошондуктан өзүнүн философиялык системасын түзүүдө ал материалисттик көз караштардын таралышына каршы турууну өз милдети катарында көргөн. Динди коргоого ал бүткүл өмүрүн арнаган.

Философиялык көз караштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүнүн философиялык көз караштарын негиздөөнү Беркли Локктун сенсуалдык окуусун талдап, сынга алуудан баштайт. Өзүнүн негизинде локктук жана берклиандык системалар окшош, башкача айткандаалар экөө тең эле жалпы эмпирикалык өбөлгөлөрдөн келип чыгышат да, бирок бири-бирине карама-каршы корутундуларга келишет. Эгерде локктук система негизинен реалисттик болсо, берклиандык философия идеалисттик болгон.

Локк предметтердин бардык сапаттарын биринчи жана экинчи деп бөлүп карайт. Биринчилерге узун-кыскалык, салмак жана дагы ушундай сыяктуу, экинчилерине биринчилерге байланыштуу болгон сапаттарды таандык кылат. Беркли болсо, бардык сапаттарды экинчилик сапаттар деп эсептейт, анткени биринчилик сапаттар экинчилик сапаттар кандай мүнөзгө ээ болсо ошол эле мүнөзгө ээ, алсак узун-кыскалык обьективдүү сапаттар болуп саналбайт, алар биздин кабылдообузга, аң-сезимибизге көз каранды. Ал мындай дейт: предметтердин көлөмү кандайдыр обьективдүү нерсе эмес, ал предметтин бизге чоң же кичине болуп көрүнүшү менен гана аныкталат, башкача айткандапредметтердин көлөмү дегенибиз — ал туюп-сезүү органдарыбызга таяна турган биздин тажрыйбабыздан келип чыккан корутунду. Мына ошентип биринчилик жана экинчилик сапаттардын жашап турушу биздин кабылдамаларыбыз менен шартталган.

Беркли материя жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Джордж Беркли.

Материя жөнүндөгү түшүнүктү талдап караганда да Беркли ушундай эле ой жүгүртөт. Локк боюнча, биз абстракция жолу менен, башкача айткандапредметтерден жалпы мүнөздөрүн жана белгилерин бөлүп алабыз да материя деген түшүнүккө келебиз. Ушундай эле жол менен биз мейкиндик түшүнүгүнө келебиз. Беркли болсо, биз мындай жол менен материя түшүнүгүнө келе албай тургандыгыбызды далилдөөгө аракеттенет, мында ал биринчилик жана экинчилик сапаттар жөнүндө айткан аргументтерин келтирет. Ал абстрактуу жалпы идеялардын жашап турушу мүмкүн эмес, анткени нерселерди кабылдоодо биздин ан-сезимибизде конкреттүү бир таасир, конкреттүү бир образ (бейне) пайда болот, бул жерде эч кандай жалпы идеянын болушу мүмкүн эмес. Башкача айткандаэгерде биз үч бурчтукту кабылдасак, анда ал конкреттүү үч бурчтук гана, ал спецификалык өзгөчөлүктөрү жок, кандайдыр абстрактуу үч бурчтук боло албайт. Ушундайча эле, Берклинин көз карашына ылайык, адамдын, кыймылдын жана башкалардын абстрактуу жалпы идеяларын жаратуу мүмкүн эмес. «Так ушунун өзүндөй эле,— деп жазат Беркли,— кыймылды болгон нерседен айырмалана турган кыймылдын тез да эмес, жай да эмес, түз да эмес, ийри да эмес кыймылдын абстрактуу идеясын түзүү мен үчүн мүмкүн эмес иш, калган бардык абстрактуу идеялар жөнүндө да ушунун эле өзүн айтууга болот» [Чыгарм. М., 1978.157-158-6.]. Абстрактуу идеяларды Беркли сөздөрдүн оюну катарында караган.

Муну менен ал абстрактуу идея катарында материя түшүнүгүн, дегеле материя дегенди тааныган эмес. Материя түшүнүгү «өзүндө карама-каршылыкты» камтып турат, «бардык идеялардын ичинен ал эң көбүрөөк абстрактуусу жана түшүнүксүзү болуп саналат» деп эсептеген ал [Чыг. 178-6]. Ошондуктан ал материя деген түшүнүктү пайдалануудан биротоло чыгарып салуу керек деп эсептейт. «Аны танып салуу адамзаттын калган башка тукумдарына эч кандай зыян келтирбейт жана ал анын жок экендигин эч качан байкабайт да. Өзүнүн кудайсыздыгын негиздөө үчүн бул куру аталыштын карааны атеисттерге чыны менен эле керек, ал эми философтор болсо келжиреген куру сөздү уланта берүү үчүн жакшы шылтоодон ажырап калышы ыктымал» [Чыг. 186-6.].

Өзүнүн мына ушундай ой жүгүртүүсүнөн улам ал нерселердин обьективдүү түрдө жашап турушун танууга келет. Нерселердин сапаттарынын бар болушу биздин кабылдообуз менен шартталгандыктан, ал эми субстанция — сапат касиетин алып жүрүүчү болгондуктан сапат касиеттеринен келип пайда болуучу айлана-чөйрөдөгү бардык нерселер менен предметтер биздин сезим органдарыбыздын кабыл доосу гана болуп саналат. Беркли үчүн «бар болуу демек туюм-сезим аркылуу кабыл алынуу дегендик».

Солпсизм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошентип, бар болуу дегенибиз — бул кабыл алынуу деп эсептеп, Беркли обьективдүү дүйнөнүн жашап турушун (бар экенин) танат. Бирок мындай корутунду солипсизмди, башкача айтканда бир адам жашап турат дегенди билдирет, бул адам үчүн ал дүйнө ошол дүйнөнү өзү кабылдап турганда гана бар боло алат. Бирок Беркли аны солипсизмде айыптагандыкты чечкиндүү четке кагат, анткени айтылган көз караштар таптакыр акылга сыйбас көз караштар болучу. Ал, сезүү же ой жүгүртүү аркылуу «кабылдай ала турган нерселердин бар экендигин» танбаймын деп жарыя салат. Ал ошондой эле, «өз көзүм менен көрүп турган жана өз колум менен кармап турган нерселердин реалдуу жашап (бар болуп) тургандыгынан кенедей да шектенбейм» деп айтат. [Чыгарм. 186-6]. Беркли бар болгону философиялык маанидеги материя түшүнүгүн гана танат.

Өзүн солипсизмде айыптоону Беркли төмөнкүдөй ой жүгүртүүлөрдүн жардамы менен да төгүнгө чыгарууга аракеттенет. Ал, нерселер аларды биз кабылдабаган учурда, башка адам кабылдап жаткандыктан да жашоосун уланта берет деп эсептейт. «Демек, дене рухтан тышкары бар болуп турат деп айтылганда, ал рухту тигил же бул жалгыз-жарым рух катарында эмес, рухтардын бүткүл жалпы жыйындысы катары түшүнүү керек. Ошондуктан жогоруда келтирилген принциптерден улам нерселер биз аларды кабыл алып турган убакыттын аралыктарында көз ирмегенче жок болуп жана кайрадан жаралып бар болуп турат же дегеле жок болучу дегендик эмес» [Чыгарм. 192-193-6.].

Берклинин динге көз карашы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Беркли, бир жагынан, өзүнүн терминологиясы боюнча, нерселер, же идеялар жашабайт деп ырастаса, экинчи жагынан, алар Кудай тарабынан кабылданып тургандыктан биздин аң-дээрибизде да жашоосун уланта берет деп ырастайт. Ал мындай деп жазат: «Мен кабыл алып жаткан бардык таасирлерди ар бир учурда пайда кылып турган рух бар. Ал эми алардын ар түрдүүлүгүн, тартип-ыраатын жана өзгөчөлүктөрүн көрүп, мен буларды жараткандын чексиз акылман, кубаттуу жана асыл экендиги жөнүндө корутунду чыгарам» [Чыгарм. 306-6.].

Өзүнүн диний көз карашын Беркли табият-илим идеялары тармагында да негиздейт. Себептүүлүктү ошол кезде орун алгандай механикалык түрдө түшүнүүнү четке кагып, ал мындай деп жазат: «Биринчиден, эгерде философтор недир бир акыл-дээрлик же рухтан башка, кандайдыр бир табигый түрдө аракет кылып туруучу себептерди издеп жүрүшкөн болсо, алар бекер эле убара болуп жатышат. Экинчиден, эгерде биз бардык жаратылган нерселерди акылман жана асыл Жараткандын чыгармалары деп эсептей турган болсок, анда философтор (кээ бирөөлөр жарыя кылып жүргөнгө карама-каршы) нерселердин конкреттүү себептерин аныктап-такташса дурус болор беле, жаратылыштагы нерселер алдын ала ар түрдүү максаттарга ылайыкталып коюлган жана нерселер ошол максаттар үчүн эң башталышынан эле таң каларлыктай акылмандуулук менен жаратылган, ошол максаттарды иликтеп-талдоону себептерди түшүндүрүүнүн мыкты жолу деп эсептөөгө болбой тургандыгын мен чыны менен түшүнбөйм».

Мындан башка, Беркли Ньютон менен Лейбниц тарабынан ачылган дифференциалдык эсептөөгө каршы чыккан.

Берклинин көз караштары бардык мезгилдерде ар түрдүү философиялык багыттардын өкүлдөрү тарабынан ар тараптан сынга алынып келген, анткени автордун солипсисттик жобосу төгүндөө үчүн жакшы азык берген. Ошол эле убакта Берклини жактагандар да көп болучу, алар азыркы күнгө чейин бар. Беркли ар качан философиялык проблемаларды идеалисттик талдап-түшүндүрүүнүн үлгүсү болуп кала берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]