Берметчендер

Википедия дан
Pinna nobilis.

Берметчендер - деңизде жана тузсуз сууда жашоочу кош капкалуулар классымдагы үлүлдөрдүн жалпы аты.

Деңизде жашоочу Берметчендердин кош капкалуу, симметриялуу кабыктары бар, алды жагы жумуру, арт жагы бир аз сүйрүрөөк. Мис, Margaritifera ypyyсуна кирген Берметчендердин кабыгынын диаметри 30 см жана- салм. 10 кг га жетет.

Жылуу деңиздерде 100 жылга чейин жашайт. Тузсуз сууда жашоочу Берметчендер Европадагы, Чыгыш Азиядагы жана Түндүк Америкадагы; Орусиянын Европа бөлүгүндөгү, Камчатка жана Сахалиндеги дарыяларда кездешет. Берметчендердин седеп кабаты түрдүү кооз буюмдарды (топчу, мончок) жасоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.