Беттик активдүүлүк

Википедия дан

Беттик активдүүлүк – адсорбциялануунун салыштырмалуу мүнөздөмөсү болуп кызмат кылган чоңдук. g символу менен белгиленет (Гиббс урматына). Анын жалпы аныктамасы төмөнкү катыш менен берилет:

(1)

мында d- беттик тартылуу, a-эриген зат активдүүлүгү. Концентрацияга өткөндө Б. а. жалпы аныктамасы, (суюлтулган системалар үчүн активдүүлүктү концентрацияга алмаштырууга болот) төмөнкү туюнтмалар менен берилет:

Электролит эместерге (2)

Электролиттерге (3)

(1) жана (2) теңдемелер көрсөткөндөй, адсорбциялануучу зат концентрациясы көбөйгөн сайын беттик тартылуу канчалык көп азайса, зат Б. а. ошончолук жогору. Б. а-түн физ. мааниси, зат бетте кармап туруучу гиббстик адсорбциянын бирдигине эсептелген күчтүн эске алгандыгында. Беттик электролит эмес үчүн s=f(c) ийри сызыгына келтирилген жаныманын жантаюу бурчунун тангенсинин терс мааниси деп, электролит үчүн ийри сызыгынын ординат огу менен кесилешкен чекити деп графиктик ыкма менен аныктаса болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]