Беттик активдүү заттар

Википедия дан

Беттик активдүү заттар – фазалар ортосундагы бетте адсорбцияланууга жөндөмдүү жана анын натыйжасында алардын беттик энергиясын (беттик тартылуусун) азайтуучу заттар. Мол-лары дифилдүү түзүлүштө болгон, б. а. уюлдуу гидрофильдүү группалары менен бирге углеводород радикалдары бар көпчүлүк орг. бирикмелер суудагы эритмелери ушундай касиетке ээ. Өтө эффективдүү Б. а. з-га гомологиялык катардын мол-сында 12-18 көмүртек атомдору бар орг. бирикмелер тиешелүү. Алардын суудагы эритмелери коллоиддик мүнөздө болот. Бул кадимки самын-май к-таларынын (С=12-18) туздары аралашмасы (көбүнчө Na туздары). Ушундай эле түзүлүшкө жана касиетке ээ болгон синтездик. Б. а. з. да самындын аналогдору болуп эсептелет. Текстиль өндүрүшүндө, айыл чарбада, нефтини изилдөөдө жана кайрадан иштетүүдө, тоо кен иштеринде кенди байытууда, бетон жана курулуш материалдарын алууда, металл, пластмасса иштетүү ж. б. техникалык маанилүү дисперстик системаларды алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]