Билге Каган

Википедия дан

Билге Каган, Могилян (683-734) – 716-734-ж. экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын каганы.
Кутлук хандын тун уулу, Култегиндин агасы. 716-ж. Култегиндин демилгеси менен ордо төңкөрүшү жасалат да, Билге такка отурат. Билге Каган бийликке келгенден кийин эки-уч жылдын ичинде которулуш чыгарган урууларды басып, өлкөнү тартипке келтирген. Ал Кытай менен мамилени жакшыртууга аракеттенген. Бирок, Тан императору анын аракетине каршы чыгып, чоң армия топтогон. Армиянын негизги сокку уруучу атчан аскерлери басмыл, кидан, татаби жана башында Кытайга качып барган Капаган – кагандын кичүү улуу Бек тегин турган түрктөрдөн куралган. Алдын ала суйлошуулор боюнча түрктөрдүн ордосунда чыгыштан татаби жана кидандар, түштүктөн кытайлар, батыштан басмылдар чабуул жасамак. Муну билип калган Билге Каган жана Тон-Йокук 720-ж. күзүңдө армиясы менен басмылдарды тозуп чыгып. Андан кийин Тон-Йокук жана Култегин аскерлери менен Беш балыктан Бансу аймагына жортуул жасап, ага каршы коюлган аскерди талкалап, Лянчжоу аймагын багындырган. Ордосуна кайтып келе жатканда Билге Каган кидандарды, андан кийин татабилерди катуу жазалаган. Император Сюанцзян айласы куруп, 721-ж. Билге Каган менен келишим түзөт. Андан кийин Кытай менен Чыгыш Түрк кагандыгынын ортосунда кагылыштар болгон эмес. Алардын ортосунда мезгил-мезгили менен товар алмашуулар жүргөн Билге Каган императорго аргымактарды жөнөтүп, андан алтын, күмүш жана жүз мин таңгак жибек алып турган. 734-ж. Билге каганды торолорунун бири уу берип өлтүргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы энциклопедия. 2003-ж.