Биогеография

Википедия дан

Биогеография (грек bios – тиричилик жана география) - тирүү организмдердин жыйындыларынын жана алардын компоненттери өсүмдүк, жаныбар, козу карын жана микроорганизмдердин түрлөрүнүн, урууларынын ж. б. таксондорунун жер шарына таркалуусунун жана бөлүштүрүлүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илим. Биогеография биосфера илиминин катарына кирип, анын курамдык бөлүгүн зоогеография жана ботан. География түзөт. 18-кылымдын аягында 19-кылымдын башында көп сандаган экспедициялык чыгуулар менен эквотордук Африканын, Түштүк Американын, Азиянын флора жана фауналарын изилдөөлөрдүн натыйжасында жана ошол мезгилдин табият таануучулары А. Гумбольдт, А. Уоллес, Ф. Склеттер жүргүзгөн иштер менен Б-нын алгачкы негизги бөлүмдөрү калыптана баштаган. Алар биринчилерден болуп кургакчылыктын фауналык райондоштуруусун жүргүзүшкөн. Ал эми Б-нын Россияда өнүгүүсү 18–19-к-дарда П. С. Паллас, К. М. Бэр, А. Н. Северцов жана И. Г Борщованын эмгектери менен байланыштуу. Азыркы Б-нын ар кайсы бөлүктөрүндө организмдердин географиясынын жана биоценоздун проблемаларын чечүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүп жатат. Мисалы, ареалдык Б. ар кандай түрлөрдүн таркалуу областтарын аныктап, алардын ареалда жайгашуу өзгөчөлүктөрүн окуп үйрөнүү жана анын негизинде алардын кадастрдык, картасын жана сөздүгүн түзүп жатат. Региондук Б. флоралык жана фауналык райондоштурууну жүргүзөт. Жаныбар менен өсүмдүктөрдүн көп сандаган ареалдарын салыштыруу жана алардын чектеринин бири-бири менен чектешкен жерлерин аныктоо менен биоталардын бөлүмдөрүнүн негизинде жана негизги биомдордун бөлүштүрүлүш мүнөзүнүн негизинде Б-лык райондоштуруунун комплекстик схемасы түзүлүүдө. Экол. Б. ар кандай географиялык областтардын тиричилик жамаатташтыгындагы организмдердин биомассасын, биологиялык кунардуулугун жана ролун изилдейт. Ал эми тарыхый Б. жамааташтыктын таралышын жана жамааташтыкты түзгөн организмдердин түрлөрүнө жер шарында мурда болуп аткан кубулуштардын тийгизген таасирин окуп үйрөтөт.

Б-лык теориянын негизи өсүмдүк жана жаныбар ресурстарын сарамжал пайдалануу жана коргоо, маданий фитоцитоздорду түзүү, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү байырлаштыруу б-ча иш жүргүзүү жана ар кандай жугуштуу ооруларды козгогучтар жана таратуучулар менен күрөшүү болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4