Биоиндикатор

Wikipedia дан
Организмдин реакциясынын физиологиялык ийриси
Ээленген экологиялык бөлүмчө

Биоиндикатор (грек тилинен bios – жашоо, латын тилинен indico - көрсөткүч) - табигый жана антропогендүү өзгөрүүлөрдүн, ошондой эле, чөйрөнү бузуучу заттардын катышуусун жана концентрациясын, пайдалуу кен байлыктардын бар же жок экендигин аныктоо үчүн көрсөткүч катары пайдаланылган белгилүү бир түрдүн особдору.

Биоиндикация[оңдоо]

Биоиндикация - тирүү организмдердин жашаган чөйрөсүнүн булганышынын көрсөткүчү.
Азыркы кезде көпчүлүк өлкөлөрдө өнөр жайдын өнүгүшү, айлана чөйрөнүн химиялык заттар менен ууланышы, жылдан жылга көптөгөн өсүмдүк менен жаныбардын азайып жок болуп кетүүсү, адамдын өмүрү кыскарып, айыкпаган ооруларга чалдыгуусу эң бир коркунучтуу көрүнүшкө айланды.
Жердин үстүнкү катмарындагы экосистемалар өзүлөрүнүн түзүлүштөрү жагынан суу чөйрөсүнүн экосистемасына караганда эң бир татаал. Анткени-жердин үстүнкү кыртышында кургакта жашаган организмдер көп түрдүү жана алардын убакытка жана мейкиндикке жараша абдан өзгөрүп турат. Ошондой эле жер үстүндө адам жашайт-бул өзгөчө түр, бул түрдүн жашоосунда жаратылышка тийгизген таасири окумуштуулардын өзгөчө көңүлүн бурат.
Азыркы кезде адамдын тиричилик аракеттери менен айлана-чөйрөсүнүн өтө бузулуп жаткандыктан биоиндикацияга көбүрөөк көңүлдүн бурулууда.
Өзгөчө чөйрөнүн физико-химиялык шарттарынын өзгөрүүлөрү көп жерлерде жансыз жана жандуу чөйрөнүн бузулушуна алып келди.
Мындан көп кылымдар мурун, өзгөрүшүп өтүп кеткен чөйрөлөрдө ар түрдүү көп сандаган өсүмдүкдүн жана жаныбардын түрлөрү жашашкан, бирок кандайдыр бир учурларда алардын жашоолорунда физ. шарттар өзгөрүп көптөгөн ири жаныбар (динозаврлар жана башкалар) кырылып жок болуп кетишкен. Ал учурда адам болгон эмес, жаныбарга кандайдыр бир күчтүү физ. шарт таасир эткен, бирок кайсы шарт экени ушул убакка чейин табышмак.
Кээ бир окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, азыркы кездеги биздин планетада жашаган организмдердин түрлөрүнүн саны, мурунку өтүп кеткен доорлордо жашаган организмдердин түрлөрүнүн санына салыштырганда жокко эсе. Кээ бир маалыматтарга караганда, мындан көп жыл мурун жашашкан түрлөрдүн 96% өлүп жок болуп кеткен. Мындай көп түрлөрдүн белгисиз бир учурларда жок болуп кетүүлөрү көптөгөн суроолорду туудурат. Бул суроого жооп берүүгө көптөгөн окумуштуулар аракеттенишет. Бир нече жыл мурун "Геологиядагы чанда жолугуучу окуя" деген эл аралык конференцияда окумуштуулар жогоруда айтылган суроо боюнча бир долбоорду иштеп чыгышып аны ишке ашырууга умтулушкан.
Немец калкынын көрүнүктүү окумуштуусу палеонтолог Э.Гениндин таңгалып айткан сөзү бар, кандайдыр бир байыркы өтүп кеткен доордо кантип бир эле сокку менен жерде жана сууда жашашкан майда жана ири жаныбар жок болуп кетишкен. Ушул эле окумуштуунун айтуусуна караганда, динозаврлардын өлүп жок болуп кетиши биздин планетанын тарыхында табышмак деген.
Миңдеген жылдар бою жашап келген жаныбардын тагдыры бир нече белгисиз оор кырдаалдарга кабылган. Ага чейин жаныбар көп жылдар бою кенен таралышып, жерде, сууда үстөмдүк кылышкан, алар укумуштай ири жаныбардан болушкан. Эмнегедир алардын кырылып жок болуп кетиши, ушул убакка чейин белгисиз. Мындан эки кылым мурун полеонтологдор белгисиз жаныбардын калдыктарына жолугушкан, алардын калдыктары 1842-ж. көп жерлерден табылган. Бул табылган жаныбар өзүлөрүнчө сойлоп жүрүүчүлөрдүн түркүмүн түзүшкөн. Англиянын окумуштуусу Р.Оуэн аларга мындай деп ат койгон. Грек тилинде "дейнос"-өтө жаман, өтө коркунучтуу жана "заурос"-кескелдирик, бул эки сөздү кошуп окуганда, өтө коркунучтуу кескелдирик дегенди түшүндүрөт. Биз жашаган планетада бул кескелдириктер мындан 160 миллион жыл мурун жашашкан. Алардын таптакыр кырылып калышы мындан 65 миллион жыл мурун болжол менен палеоген доорлорунун аралыктарында болгон. Ошол жылдардын аралыктарында 250 ашык чөп менен тамактануучу кескелдириктердин жерде сууда көптөгөн түрлөрү жашашкан. Алардын өлчөмдөрү ар түрдүү болушкан, эң чоңдорунун салмагы 50 тоннага жакын. Кичинелеринин өлчөмү мышыктай болгон. Ошол доорлордо ири көптөгөн жаныбар жана өсүмдүк жок болуп кетишкен.
Жердин тарыхында мындай түрдөгү динозаврлардын кыйроосу бир күтүлбөгөн кыйроолордон болуп эсептелет. Көпчүлүк организмдердин кырылуулары мындан 204, 245, 360 жана 420 миллион жылдар мурун болгон экен. Ошол учурда жалпы организмдердин түрлөрүнүн 96% кырылып калышкан. Тирүү организмдердин мындай кыйроолору көптөгөн окумуштууларды ойлонткон жана кызыктырган, бирок алардын көбү өзүлөрүнүн максаттарына жеткендери жана жетпегендери болгон. Жаныбардын эмне үчүн кырылып калууларын билүү үчүн көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Кээ бир окумуштуулардын ойлоруна караганда, түр арасында жашоо үчүн күрөштүн натыйжасында кырылып калган дешет, кээ бирөөлөрү климаттын өзгөрүүлөрүнө байланыштырат. Ошондой эле тирилчилик дүйнөлүк абалда кыйроосу, жер кыртышынын катмарынын өйдө көтөрүлүп тоолордун пайда болууларына, муз доорунун каптап келүүсүнө жана жердин титирөөлөрүнө ж.б. шарттар жердин титирөөсүнө алып келген деген пикирлер, божомолдор айтылган. Бул айтылган божомолдор жаныбар дүйнөсүнүн жалпы мейкиндикте кыйрашып калууларына толугу менен ишеничтүү жооп берише алган эмес. Бул суроо боюнча физиктердин, геологдордун жана полеонтологдордун айтышкан божомолдору чындыкка жакын. Новел сыйлыгынын лауреаты Г.Юринин оюна караганда, динозаврлардын биосферанын деңгээлинде кырылуусуна жердин ири жылдыздар менен кагышуусу себеп болгон. Г.Юриден 4 жылдан кийин Новел сыйлыгынын лауреаты Л.Алцварс Калифорния университетинин бир топ физиктери менен Италияда мындан 65 миллион жыл мурун чөккөн тоо тегин изилдөөдө таңгаларлык аномалдык нерсеге кабылышкан. Мындан 65 миллион жыл мурун тоо тегинин составында иридий элементи чөккөн жердин кыртышында бул элементтин жолугушуна салыштырганда 30 эсе көп болгон. Бул элементтин мурунку жана кийинки жылдардагы табылыштарына караганда, мындан 65 миллион жыл мурун Данияда жердин катмарында чөккөн 160 эсе жогорку санда жолуккан. Л.Алңварс алынган маалыматтардын натыйжасында мындай деген божомолду айткан, бул ачылган аномалдык чөкмө элемент ошол жылдары, жер менен астероиддердин кагылуусунда жер жүзүндө чачыранды түрдө кенен таралган деген. Алңварсттын бул иридий аномалы ж-дө пикирин көпчүлүк окумуштуулар ошол учурда ыксызыраак, далилсиз деп ойлошкон. Себеби, иридий жердин кыртышында жана тоо тектеринде аз, чанда жолуга турган элемент. Бул элемент: метеориттерде, космостук чаңдарда көп санда жолугат. Бирок убакыт өтүп, Алңварстын божомолунун чындыкка жакындыгы көптөгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында аныкталган. Азыркы күндө иридиялык аномалия Жер шарында 30дан ашык жерлерде: Гаитада, Данияда, Италияда, Испанияда, Кытайда, Жаңы Зеландияда, Америкада, Атлантика жана Тынч океандарынын чөкмөлөрүндө жана Магышлак жарым аралында табылган.
Бул маселени талдоодо окумуштуулар мындай деген корутундуга келишкен: биринчиден,-ачылган аномалия радиоактивдүү, жер жүзүндө кенен таралган нерсе. Экинчиден,-бул аномалиянын жердин кыртышында кантип пайда болгонун түшүндүргөн Г.Юринин жана Г. Алцварстын жердин космостук метеориттер, астериоиддер менен кагылуушусу бор менен палеогендин аралыгында, мындан 65 миллион жыл мурун жаныбардын жок болуп кетүүлөрүнө себеп болгону чындыкка жакын.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  1. Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4