Бионика

Википедия дан

Бионика (байыркы.-грек. βίον) — кибернетиканын бир бөлүмү; ал техникалык аппараттарды, механизмдерди, системаларды түзүү жана түрдүү инженердик маселелерди чечүүдө организмдердин түзүлүш өзгөчөлүгүн, тиричилигин изилдейт. Биологиялык системаны техникалык системага алмаштыруу үчүн биологиялык объектинин бул же тигил тиричилик процессин кылдат изилдөө, аны математикалык жазуу жана моделдөө методун иштеп чыгуу талап кылынат. Бионика биологиялык системалардын бөлүктөрүнүн (мисалы, информацияны кабыл алуу жана иштеп чыгуучу органдары, нерв системасынын элементтери жана башка) моделдерин түзүү менен да байланыштуу.

Биониканын методдору көп маселелерди чечүүдө чакан жана бекем навигация системаларын түзүүдө; информацияны кабыл алуучу системалар үчүн таанып-билүү түзүлүштөрдү, информацияны чогултуу, колдоо, топтоо жана тактоо методдорун иштеп чыгууда, химиялык жана биохимиялык энергияны механикалык энергияга айландыргычтарды, түрдүү биоэлектрдик түзүлүштөрдү (мисалы, протезди), суу астындагы байланыш сисиемаларын жана суу астында жүрүүчү түзүлүштөрдү жана башка иштеп чыгууда колдонулат. Жаныбарлардын айрым системаларын (көпөлөктөрдүн «антенналарын», балыктардын жана суу жаныбарларынын ультра үн байланышын, чымчыктардын навигация системасын, биологиялык сааттар механизмин, жарганаттардын ультра үн локациясын жана башка) изилдөө бионикада чоң роль ойнойт. Бионика тармагында түрдүү кесиптеги адистер иштейт. Бионика — жаңы өнүгүп келе жаткан илим, андагы жетишкендиктер биологиялык процесстерди терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет жана көптөгөн техникалык түзүлүштөрдү курууда пайдаланылышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8