Бир шилтем

Википедия дан

Бир шилтем, экспромт -турмуштук кубулуштар сезимге дароо таасир бергенде же бир ой эске кылт эте түшкөндө, оозеки же жазуу түрүндө шыдыр чыгарылган кыска ыр.

Көрүнүктүү орус акындары К. Карамзин, А. Пушкин, М. Лермонтов, Ф. Тютчев, В. Брюсов, В. Маяковскийлер Бир шилтемге көп кайрылышкан. Орус частушкалары да экспромттук мүнөзгө ээ. Бир шилтемдер импровизацияга жакын келет. Кыргыз поэзиясында Бир шилтемдер А. Токомбаев, М. Алыбаев жана Б. Сарногоевдин чыгармаларынан кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.