Бирге чөгүү

Википедия дан

Бирге чөгүү чөктүрүү реакциясы учурунда эритмеде эрип жүргөн кошунду заттар чөкмө менен кошо чөгүшү. Б.ч. беттик адсорбция, окклюзия, изюморфизм процесстери аркылуу жүрөт.Бирге чоктуруудо негизги чокмону жана бирге чогуучу заттарды айырмалап билуу керек.Аз олчомдогу заттарды озу менен кошо алып чоккон затты негизги чокмо же жыйноочу (коллектор), ал эми аны менен кошо чоккондор бирге чогуучу заттар деп атайт. Кээ бир адабияттарда негизги чокмону макрокомпонент, ал эми бирге чогуучу кошунду заттарды микрокомпонент деп аталат. Б.ч. зыяндуу жактары да, пайдалуу жактары дагы бар. Зыяндуу жактары-чөкмөнүн булганышы. Пайдалуу жактары-эритмеден өтө эле аз сандагы микрокомпоненттер аныктоодо алардын концентрациясын жогорлулатуу үчүн пайдалануу. Бул учурда изилденүүчү эритмеге алдын ала кандайдыр бир макрокомпонент кошуп, аны тиешелүү чөктүргүч менен чөктүрөт. Мында эритмедеги ион чөкмө менен кошо түшөт. Мындай чөктүрүү коллектор менен чөктүрүү деп аталат. Чөкмөнү аз сандагы эриткичте эритип, микрокомпоненттин концентрациясын 10-20 эсе жогорулатса да болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]