Биримдүүлүк

Википедия дан

Биримдүүлүк (орус. единство) – көптөгөн «жалгыздардын» өз ара таасирлешүү процессинде бири-бирине тартылуу моменти жана бир кыйла татаал «бирге», биригиши.

«Бирге»тартылган А, В, С... N дин ортосунда ошондой эле түртүлүү, ажыроо моменттери болуп, ар бир «бир» өз алдынчалыгын сактоо менен өзүнө башканын аралашуусун чектеп, өзгөчөлөгүн сактоо тенденциясына ээ. Идеалисттер дүйнөнүн биримдүүлүгүн Биримдүүлүк идеясынын эманациясы жана дүйнөлүк жандын аракети менен түшүндүрүшөт. Материалистер дүйнөнүн биримдүүлүгүн материалдуулугу менен түшүндүрүшөт. Субьективдүү идеалистер Биримдүүлүк – адамдын аң-сезимин кынтыксыз тартипке келтирүүчү күч деген тезисти колдошот.

Дүйнө ар түрдүүлүктөрдүн карым-катышы аркылуу жаңыланып турат; Ар түрдүү «бирлер» өзүнүн Биримдүүлүк менен бирин толуктап, бир бүтүндүктүн бөлүктөрүнө чейин өсүп жетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]