Биринчи жана экинчи сапаттар

Википедия дан

Биринчи жана экинчи сапаттар (орус. Первичные и вторичные качества) – объективдүүлүк белгиси боюнча нерселердин сапаттарын (касиеттерин) айырмалоо үчүн колдонулган терминдер.

Аталган терминдер илимге Локк тарабынан киргизилгендигине карабастан, алар ага чейин эле Демокриттин, Галилейдин, Декарттын, Гоббстун эмгектеринде нерсенин сапаттары ушундай жол менен айырмаланган. Локк биринчилик же объективдүү сапаттардын катарына кыймылды, өткөрбөстүктү, тыгыздыкты, майда бөлүкчөлөрдүн өз ара жармашуусун, фигураны, көлөмдү жана башка экинчилик же субъективдүү сапаттарга түстү, жытты, даамды, дабышты жана башка киргизген. Ошол кезде үстөмдүк кылган механика илиминин көз карашында илимий түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон сапаттардын баары Локк тарабынан экинчилик, башкача айтканда субъекттин сезимдери же маанайы менен аныкталган сапаттар деп табылган.

Субъективдүү идеалисттер Беркли, Юм жана башка биринчилик сапаттарды да субъективдүү сапаттардын катарына киргизишкен. Учурдагы илимий таанымда нерселердин ички алакаларынын натыйжасы (эффектти) болуп эсептелген өздүк касиеттери жана сырткы (потенциалдуу, диспозициялык жана башка) касиеттер деп аталган сапаттар айырмаланышат. Сырткы касиеттер кандайдыр бир нерсенин башка нерселер менен реалдуу алакалашуу учурунда актуалдуу мүнөз күтөт (Мисалы: туздун сууда эрүү касиети, химиялык элементтин башка элементтер менен биригүү, ажыроо касиети жана башка).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]