Биринчи жардам

Wikipedia дан
Эл аралык биринчи жардам берүнүн белгиси

Биринчи жардам — кырсыкка учураганда, капысынан кармаган ооруларда кырсык болгон жерге медициналык кызматкер келгенче же дарылоо мекемесине жеткиргенче кишинин өмүрүн сактоо максатында токтоосуз көрүлүүчү чаралар.

Туура жардам берүү[оңдоо]

Жабыркаган киши өзү биринчи жардамды жасаса өзүнө өзү жардам берүү деп аталат. Мисалы, жарадар болгондо өзүн өзү таңуу, кусуп карынды тазалоо. Кишинин өмүрүнө коркунучтуу абалдарда кома, кан агуу, уулануу, сууга чөгүү, шок, электр травмасы жана башкаларда тезинен биринчи жардам көрсөтүү өтө зарыл. Биринчи жардам өз убагында жана туура көрсөтүлсө, андан аркы медициналык жардам натыйжалуу болот.Мисалы, сөөктүн ачык сыныгында тез жана туура таңып жана шакшактоо түрдүү кабылдоолордон (шок, инфекция жана башка), оорулуу эстен танып калган да капталынан жаткыруу кекиртек менен бронхко кусунду жана кан кирип тумчугуп калуудан сактайт. Биринчи жардам көрсөтүү каражаттарын тандоо жана аларды пайдаланууда оорунун же жабыркоонун мүнөзүн эске алыш керек.

Сыныкта, сөөк муундан чыкканда, тарамыш чоюлуп же үзүлүп калганда кол-бутту кыймылсыз абалга келтирип таңуу өтө маанилүү (к. Иммобилизация). Мында тактай, бутак, картон жана башка нерселерди пайдаланып, тайпы, жоолук, кур, чүпүрөк айрыгы менен байлап таңса болот. Эгерде сөөк сынбай эле тарамыш чоюлуп же үзүлүп калса ошол муунду катуу таңып коюу эле жетиштүү. Биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин жабыркаган киши медициналык мекемеге жеткирилет.

Көзгө бир нерсе түшкөндө, көз жабыркаганда көздү кир кол менен сүрүп инфекция түшүрбөй, таза бет аарчы менен сүртүү керек. Оорулуу капысынан эстен танганда капталынан же чалкасынан жаткырып башын капталын карай буруп коюп, кийминин топчусун чечип, терезени ачып, желдетүү зарыл.

Биринчи жардамдын чаралары 3 топко бөлүнөт.[оңдоо]

1. Сырткы жабыркатуучу фактордун таасирин (электр тогунан ажыратуу, басып калган нерселерден бошотуу) тезинен токтотуу же жабыркатуучу чөйрөдөн (суудан, өрттөнүп жаткан жерден жана башка) алып чыгуу.

2. Жабыркоонун мүнөзүнө жараша биричи жардам көрсөтүү (к. Сөөктүн муундан чыгышы, Сыныктар, Уулануу, Эстен тануу, Жара, Жараат, Күйүк, Үшүк алуу, Сууга чөгүү).

3. Медициналык жардам көрсөтүү үчүн жакын оорукана, поликлиника, фельдшер пункту, аптекага кайрылуу же жеткирүү.

Медициналык тез жардам чакырылат турган учурлар[оңдоо]

Транспорт кырсыктарынан оор жабыркоодо, электр тогу урганда, чагылган тийгенде, күн өтүүдө, ууланууда жана сууга чөккөндө, ошондой эле катуу ооруларда, төрөттө жана башка медициналык тез жардам чакырылат. Медициналык жардам ошол жерде гана эмес жолдо — транспорттун ичинде да берилет. Мындай кечиктирилгис жардамды атайын аспаптары бар тез жардам машинасы (же самолёт) менен келген догдур гана бере алат. Мындай атайын транспорт жокто оорулууну же жабыркаган кишини жеткирүү үчүн башка транспортту ылайыктайт, мисалы, жүк ташуучу машинанын кузовуна чөп же саман төшөп, үстүнө замбил коюлат. Оорулууну замбилге жаткырып же отургучка отургузуп, ошондой эле эки киши колду кайчылаштырып көтөрүп жеткирсе да болот. Жараатта биринчи жардам көрсөтүү үчүн биринчиден жарааттын жогору жагын катуу таңып, андан кийин сөзсүз хирург жардам көрсөтүү үчүн жакынкы медициналык мекемеге жеткирип, селеймеге жана кутурмага каршы эмдөө жасалат.

Биринчи жардам уйрөтүү курсунда

Үйдө, ишканаларда, туристтик жүрүштө медициналык жардам көрсөтүү үчүн аптечкалардын болгону максатка ылайык. Кырсыкка чалдыкканда, ууланганда, үшүк алганда же күйгөндө, сууга чөккөндө, кекиртек шишигенде, дем алуу органына бөтөн нерсе тыгылып калганда, электр травмасын да дем кыстыгып клиникалык өлүмгө алып келет. Бул учурда кишинин ар кандай орган жана ткандарынын негизги тиричилик функциясын кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн. Кишини тирилтүүдө жасалма дем алдыруу, жүрөктү массаждоону туура жасоо зарыл.

Биринчи жардамды кеңири жайылтат уюмдар[оңдоо]

Балдардын спорт мектебинин машыктыргычын, шофёрду жана ГАИнин кызматкерлерин биринчи жардам берүүгө үйрөтүү кырсыктардын азайышына, дарылоо натыйжалуу болушуна шарт түзөт. ДОСААФтын Кызыл Крест жана Кызыл жарым ай коомдору жана граждандык коргонуу биринчи жардамды кеңири жайылтат жана түшүндүрмө берет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8 Биринчи жардам Первая помощь