Биттер

Википедия дан

Биттер (лат. Anoplura) — кан соргуч жандык, сүт эмүүчүлөрдүн жана кишинин мителери (лат. Pediculus humanus); бүт тиричилиги ээсинде өтөт. 2380ден ашык түрү белгилүү. Үч тукумга бөлүнөт. Сокур биттер — кургакта жашоочу сүт эмүүчүлөрдүн (маймыл менен кишиден башка), сайгычтуу биттер — деңиз сүт эмүүчүлөрүнүн, педикулиддер маймыл менен кишинин мителери.

Өзгөчөлүк жүрүм-турумдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кишиде кийим бити, чач бити мителик кылат. Беттер бардык өөрчүү стадиясында (сиркесинен башка) кан менен азыктанат. Көйнөк бити суткасына 2—3 жолу кан сорот. Сиркесин 28—30° температурада чачка же кийимдин түгүнө жабыштырып таштайт. Сиркеден личинканын чыгышы жана андан ары өөрчүшү чөйрөнүн температурасына жараша болот. Личинкасы үч жолу түлөп, битке айланат. Өөрчүшүнүн бүт цикли 15 күндө бүтөт. Кийим бити 2 ай, чач бити 4 жумача жашайт. Биттер баш келтенин, кайталанма келтенин козгогучтарын таратат.

Биттин таралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биттөө жагымсыз санитардык-гигиеналык шартка, калктын материалдык жана маданий деңгээлинин төмөн болушуна байланыштуу. Биттегенде дене дүүлүгүп кычышат, тырмагандан тери тытылып, ириңдүү жара пайда болот.

Биттөөнүн алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биттөөнүн алдын алуу үчүн калктын материалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, санитариялык билимди жайылтуу, мончо, кир жуугуч жайларды жакшыртуу керек, ошондой эле тез-тез жуунуп, кийимди жана шейшептерди алмаштырып туруу зарыл. Чач биттеп кеткенде майда тарак менен тарап, балдардын жана эркектердин чачын алып таштаган оң.

Химиялык заттарды пайдалануу жакшы натыйжа берет. Ага таза керосин, самын-керосин эмульсиясын жана башка колдонсо болот. Булардын бирөөнү чачка сүйкөп 20—30 минутага башты жоолук менен катуу байлап коюп, андан кийин жылуу суу менен самындап жууп, майда тарак менен тарайт. Кийим битин жоготуу үчүн денени ысык суу менен жууп, кийимди, төшөнчүнү дезинфекциялоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы»: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4