Бихевиоризм

Википедия дан

Бихевиоризм - (англ. Behaviour – жүрүм-турум) теориясы И. Павлов, Джон Б. Уотсон, Эдвард Торндайк, Скинер ж. б. эмгектеринин негизинде түптөлүп калыптанган теория.

Бихевиоризм теориясына ылайык үйрөнүү S-R формуласы аркылуу жүзөгө ашат. Мында S – түрткү кээ бир иш-аракеттин жасалашынын же кырдаалдын түзүлүшүнүн себеби. Үйрөтүү процессиндеги маселенин шартын, суроолорду, сигнал, ишараат белгилерди түрткү катары карасак болот. R – реакция бул түрткүгө ылайык аткарылган иш аракеттин дал өзү. Сабакта окуучунун мугалимдин суроосуна берген жообу, коюлган тапшырмага ылайык аткарган амалы, кыймыл-аракети, анын реакциясы же жооп маселеси.

Бихевиоризм – бекемдеме, б. а. түрткүгө жооп мамиле иретинде берилген реакциянын туура экендигин тастыктаган иш аракет. Бекемдеме материалдык жана моралдык колдоо иретинде билдирилет. Мисалы: айбандардын иш-аракетинин туура экендиги тамак аш менен тастыкталат. Ал эми окуу процессинде окуучулардын туура жообун тастыктоо үчүн мактоо, жакшы баа коюу сыяктуу каражаттарга кайрылабыз. Албетте, бекемдеме айбандарга байланыштуу машыктыруу (дрессировкалоо) практикасында өзгөчө мааниге ээ болору анык. Аларды адамга карата абсолютташтыруунун күмөндүүлүгү көп-төгөн психологдордун эмгектеринде белгиленген. Бирок, бихевиористтер бекемде идеясынын негизинде окутуу теориясына байланыштуу маанилүү тыянак чыгара алышкан. Ал окутуунун сапатын баскыч баскыч менен текшерип жана коррекциялоо идеясы. Азыркы кеңири популярдуу үйрөтүм технологияларынын бири программалап окутуунун принциптери дал ушул теорияга негизделген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,