Бичурин, Никита Яковлевич

Wikipedia дан
Никита Яковлевич Бичурин
Iakinf Bichurin.jpg
Туулган жылы:

9 -сентябрь 1777(1777-09-09)

Туулган жери:

Чебоксар уезди, Акулево айылы, Орусия империясы

Каза болгон жылы:

23 -май 1853(1853-05-23)

Каза болгон жери:

Санкт-Петербург, Орусия империясы

Өлкө:

Flag of Russia.svg Орусия империясы

Илимий чөйрөсү:

Чыгыштаануучу

Бичурин, Никита Яковлевич, (Архимандрит Иакинф) (1777-ж. 29-август (9-сентябрь), Казань губерниясы, Чебоксар уезди, Акулеводо төрөлгөн — 1853-ж. 11-(23)-май, Санкт-Петербургда өлгөн) - орусиянын атактуу чыгыш таануучусу жана кытай таануучусу, Православдык орус чиркөөсүнүн архимандрити, дипломат, саякатчы. Императордук Санкт-Петербург илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (1828-жылдын 17-декабры).

Теги боюнча - түрк тилдүү чуваш элинен, алардын чокунган бөлүгүнөн болгон.

Кытай жана анын коңшу өлкөлөрү тууралуу маанилүү, сандаган жазууларды калтырып кеткен. Илимге көптөгөн кытай тарыхый булактарын алып келген.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо]

Жаштык кези[оңдоо]

(1777-жылдын. 29-августунда, Акулево (чуваш. Шемпер) айылында Яков Данилович Бичуриндин (1749—1812) үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Улуту боюнча чуваш, бирок анын энеси орус болгон. Алгачкы билими Свяжскийдеги училищадан алган нота менен ырдоо боюнча болгон. 1785—1799-жылдары Казань семинариясында окуп, ал жерден Бичурин деген фамилияга ээ болгон жана ал жерди мыкты деген баа менен бүтүргөн.

Казань христандык диний академиясын бүтүргөн соң 1799-жылы ошол эле академияда грамматика, риторика боюнча сабак берген окутуучу болуп калтырылган. Окутуучулук кызматтан тышкары монахтык санды кабыл алып, бир жылча Казань Ианов монастырынын башчысынын милдетин аткарган.

Ошондой эле, орусчадан чувашчага которгон тилмеч (толмач) болгон.

1802-жылы Иркутсктагы Вознесен монастырынын архимандрити жана диний семинардын ректору болуп дайындалган. Бирок, семинаристтер менен конфликт болуп, уставды бузду деген күнөө коюшкан.

Кытайда кызмат кылышы[оңдоо]

Бичурин түзгөн Лхасанын планы

1807-жылы Пекинге болгон православ христиандарынын диний миссиясынын башкаруучусу болуп тандалып, 1822-жылга чейин Пекинде калган. Кытайда жүргөн убагында кытай тилин мыкты деңгээлде өздөштүрүп, сөздүк да түзгөн. Ал сөздүгүн төрт жолу өзү оңдоп жазган.

Бичурин Бээжинде (Пекин) жүрүп кытай булактарын орус тилине которуп баштаган. Мисалы, «Сышу» — Конфуцийдин жана конфуцийчилердин окуусунун жыйнагы, үч томдук географиялык баяндар, Кытайдын 17 томдук жыйнак тарыхы, кытай хронологиясы, «Тибеттин баяны», «Жунгариянын баяны», «Пекиндин баяндалышы», дин, философия, юриспруденция, медицина, экономика, айыл чарба, соода ж.б. боюнча баяндар сыяктуу эмгектерди которгон. Көптомдук кытайча-орусча сөздүк түзүп, 4 томдук манжурча-кытайча сөздүктү орусчага которгон.

Орус бийлиги Наполеон I менен күрөшүп жаткан учуру болгондуктан, Кытайга көңүл бурулбай калып, каражаттын жетишсиздигинен миссия бүлгүнгө учураган. Натыйжада миссиянын башкаруучусу кызматынан ажыратылып, Ваалам монастырына айдалган.

Ал эми, 1821-жылдын май айында Бээжинден чыгат.

Санкт-Петербургдагы Александр-Невск лаврасында жайгашкан Бичуриндин бейити

Орусияга кайтышы[оңдоо]

1826-жылы Санкт-Петербургга жайгашкан соң, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинде кытай тили боюнча тилмеч болуп иштеп калат. Мындай кадамга кытай таанучу Е. Ф. Тимковский менен Тышкы иштер министрлигинде иштеген Шиллинг фон Канштадттын демилгеси себеп болгон.

1828-жылы Орусия илимдер академиясынын Чыгыштын байыркылыгы жана адабияты бөлүгүнө мүчө-корреспондент болуп шайланган.

1828-жылы Петербург публикалык китепканасында иштеп, ардактуу китепканачы болгон. 1829-жылдын этегинде алгачкы библиографиялык ишин — «Реестр китайских и маньчжурских книг, находящихся в императорской Публичной библиотеке» («Императордук Публикалык китепканада жайгашкан кытай жана манжур китептеринин тизмеси») атту эмгегин даярдаган.

1830-жылы Забайкальеге экспедиция жүргүзүп, ал жактан тибетче жана монголчо китептерди, буддалык храмга таандык буюмдарды ж.б. кошо ала кеткен.

Орусияда алгачкы жолу, Кяхтада кытай тили мектебин ачып, мектепте сабак берген жана кытай тилинин алгачкы окуу китебин түзгөн («Китайская грамматика»).

1831-жылдан баштап Париждеги Азиаттык коомдун мүчөсү. Демидов премиясынын бир нече жолку лауреаты.

Забайкальеден декабристтер менен — биртууган Бестужевдер менен, И. И. Пущин ж.б. менен да жолуккан.

1848-жылы өзүнүүн акыркы эмгегин түзүүгө, б.а. «Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена» атту эмгегин жазууга киришкен. Бул эмгеги карталары менен кошо 3 томдук болуп 1851-жылы жарыяланган. Ошол убактарда бул синологдун ден соолугу катуу начарлап, 1853-жылы Александр-Невск лаврасында дүйнөдөн кайткан.

Адабияттагы орду[оңдоо]

Көркөм адабиятта Иакинфтин элеси В. Кривцовдун «Отец Иакинф» атту роман-дилогиясында орун алган.
Ошондой эле, бул архимандритке арналган В.С. Пикульдун "Железные четки" атту тарыхый миниатюрасы белгилүү.

Кыргыз тарыхына кошкон салымдары[оңдоо]

Сыма Цян, Бан Гу жана башка байыркы жана орто кылымдардагы кытай тарыхчыларынын чыгармаларынын урунттуу маалыматтарын орус тилине которгон.

Ал булактардын бир катарында көөнө жана орто кылымдардагы кыргыз жана башка түрк калктарынын тарыхы да камтылган.

Н.Бичуриндин чыгармаларынын тизмеси[оңдоо]

  • Записки о Монголии. Т.1-2 . — СПб., 1828. — 339 с.
  • История первых четырех ханов из дома Чингисова. — СПб., 1829.
  • Описание Чжунгарии и Восточного Туркестана в древнем и нынешнем состоянии. — СПб., 1829.
  • Китайская грамматика. — Кяхта, 1831. — 32 с.
  • История Тибета и Хухунора с 2282 г. до Рождества Христова 1227 г. / пер. с кит. монахом Иакинфом Бичуриным: в 2 ч. — СПб., 1833.
  • Историческое обозрение ойратов или калмыков с XV столетия до настоящего времени. — СПб., 1834.
  • О шаманстве // Отечественные записки. — 1839. — № 6. — С. 73-81.
  • Забавные известия о России в китайской географии // Санкт-Петербургские ведомости. — 1840. — № 188.
  • Китай, его жители, нравы, обычаи. — СПб., 1840.
  • Отрывки из путешествия по Сибири // Русский вестник. — 1841. — Т. 4, № 10. — С. 74-94.
  • Замечания на статью под заглавием: «Шесть сцен Ононского пастуха» // Москвитянин. — 1844. — Ч.2, № 4. — С. 330—337.
  • Китай в гражданском и нравственном состоянии, 1848
  • Географический указатель мест на карте к истории древних среднеазийских народов. — СПб.,1851. — 115 с.
  • Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена: в 3 ч. — СПб, 1851.
  • Автобиографическая записка // Ученые записки АН по 1 и 3 отд. — 1865. — Т.3, вып. 5. — С. 665—672.
  • Прогулка за Байкал // Телескоп. — 1883. — Ч.13, № 4. — С. 559—571.
  • Из китайских представлений о России // «Арабески» Истории. Т. 2: Русский разлив. — М.,1906. — Вып. 3-4. — С. 262—266.
  • Байкал // Северные цветы на 1832 год / изд. подгот. Л. Г. Фризман. — М.,1980. — С. 34-42.
  • Описание Пекина, с приложением плана сей столицы, снятого в 1817г. - СПб.,1829.
  • Сань-Цзы-Цзынь или Троесловие. Спб., 1829.
  • Статистическое описание Китайской империи. в 2 ч. СПб., 1842.
  • Взгляд на просвещение в Китае. СПб., 1838.
  • Земледелие в Китае. СПб., типография Э.Праца, 1844.

Анын негизги эмгектерин ушул интернеттик шилтеме аркылуу табууга болот.

Пайдаланылган адабият тизмеси[оңдоо]

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. - 113 б. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук / Башкы редактор Орузбаева Б.Ө. - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1979. - Т.4. - 155-157 бб.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]