Бленнорея

Википедия дан

Бленнорея (байыр.-грек. βλέννος — былжыр и ῥέω — агуучу) — көздүн былжыр челинин (коньюнктива) жугуштуу оорусу. Көздөн чылпак көп чыгат. Аны көбүнчө гонококктор[1] пайда кылат.

Бленнореянын формасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бленнореяда көз жапкагы шишип катууланат, жээги кызарат, өтө шишигенде агыш тартат. Ымыркайдын, балдардын жана чоң кишилердин бленнореясы болуп айырмаланат.

Ымыркайдын жана чоң кишилердин бленнореясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ымыркай балага оорулуу энеден төрөт убагында жугат. Балдарга сүзөк (гонорея) менен ооруган, санитардык-гигиенаны сактабаган энеси жуктурат.Чоң кишилерге кир колу аркылуу жугат. Ымыркай бала төрөлгөндөн 2—3 күндөн кийин көз жапкактары абдан шишип, көздүн былжыр чели сезгенет; 5—6 күндөн кийин шишиги тарап, көздү чылпак басат. Демейде бир көз жабыркайт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бат-батан көздүү марганецтик кычкылынын суюк эритмеси менен жууш керек. Бленнореянын белгилери билинери менен тезинен догдурга кайрылуу керек, догдур тийиштүү дарылоону сунуш кылат. Эгерде дарылоо өз убагында башталса, балдардыкы 3—5 күндө, чоң кишилерде 8—12 күндө айыга баштайт; кээде кабылдап кетиши байкалат. Бленнореяда жабыркаган көздү таңууга болбойт, себеби таңгычтын алдында козгогучтарга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бир көз ооруганда, экинчи көздү сактоо зарыл.

Оорудун алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бленнореяны гонококк пайда кылгандыктан ымыркайда бленнореяны алдын алуу үчүн эненин сүзөк (гонорея) оорусун дарылоо зарыл.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Гонококки

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8